00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте көркөм муз тебүүнүн жаш чеберлери таймашты

Жазылуу
Жаш спортчулардын даярдыгын текшерүү максатын көздөгөн мелдеште спорттун чеберине талапкерлер жана жаш фигуристтер өз номерлерин аткарышып, калыстардын сынынан өтүштү.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн, 26-декабрда, Бишкектеги Шаардык муз аянтында көркөм муз тебүү боюнча "Кышкы жомок - 2020" аталыштагы мелдеш жыйынтыкталды. Аны Кыргызстандын Коньки тебүү спорту федерациясынын алдындагы Көркөм муз тебүү мектеби өткөрдү.

Мелдеш жаш спортчулардын даярдыгын текшерүү максатын көздөгөн. Анда спорттун чеберине талапкерлер жана жаш фигуристтер өз номерлерин аткарып, калыстардын сынынан өтүштү.

Аталган мелдеш март айына пландаштырылып, ага кошуна Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн да чакырылган. Пандемиядан улам мелдеш өтпөй келген. Машыктыруучулар бул өз кезегинде жаш спортчуларга кедергисин тийгизерин айтышууда.

Мелдештин башкы калысы, көркөм муз тебүү мектебинин башкы машыктыруучусу Елена Швеймер спортто атаандаштык болушу керектигин, анткени баары жетишкендикке умтулушарын Sputnik маалымат агенттигине айтты.

"Мелдештин өткөнүнө кубанып турабыз. Балдар көп убакыттан бери мелдешке чыкпагандыктан дээрлик баары толкунданып жатышканы байкалып турду. Жалпысынан жыйынтык бизди канааттандырат. Бүгүн бир да спортчу 100 пайыздык даярдык көрсөтө алган жок. Анткени көптөн бери жетиштүү машыгуу болгон жок. Мындан сырткары, жалпы машыгуу башталганда айрымдары жаракатынан, ал эми кээ бири ооруп калып толук кандуу машыга албай калышты. Деген менен биз мелдешти өткөрдүк. Бул эң башкы жетишкендик", — деди Швеймер.

Жарышта башталгыч этаптагы жаш фигуристтерден тарта спорттун чебери наамына талапкерлерге чейинкилер өз өнөрүн тартуулап, мыктылыгына жараша орундарды ээлеп, сыйлыктарды алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0