БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Румыниянын үчүнчү дивизионунда ойногон "Стяуа II" клубунун дарбазачысы Рэзван Удря расмий оюнда өз дарбазасынан тээп гол киргизди. Кызыктуу окуянын видеосун румыниялык журналист Эммануэль Росу өзүнүн Twitter баракчасына жарыялаганын РИА Новости жазды.
This is the goal of the year. When a 19-year-old keeper scores from 80 meters out, he's more than a hero. FCSB's Razvan Udrea with this historical shot. pic.twitter.com/jrRVR3V8SM
— Emanuel Roşu (@Emishor) November 1, 2020
"Стяуа II" чемпионатта "Волунтари II" командасы менен беттешкен. Биринчи бөлүктө эсеп 1:1 болуп турганда Удря атаандаш чабуулчудан озуп өтүп, топко биринчи жеткен. Ал каршы тарапка катуу тээп кайтарганда каршылаштардын дарбазасына кирип кеткен.
Чимирилип тепти! Ибрагимовичтин кезектеги өзгөчө голунун видеосу
Беттеш 4:1 эсебинде "Стяуа II" командасынын жеңиши менен аяктаган.