https://sputnik.kg/20201021/shayloo-partiyalardy-katyshtyrboo-1050144826.html
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" шайлоого катыштырбоо сунушталды
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" шайлоого катыштырбоо сунушталды
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон партиялар күнөөсүн сезиши керектигин айтууда. 21.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-21T15:00+0600
2020-10-21T15:00+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/04/1049841178_0:109:3072:1847_1920x0_80_0_0_4d2ce39e2d5a0bc96e8a9ee81cb6ca46.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/04/1049841178_0:13:3072:1943_1920x0_80_0_0_07b2e1296529210625c183bc340a0ab9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акылбек жапаров, шайлоо-2020, жогорку кеңешке боло турган кайра шайлоо
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акылбек жапаров, шайлоо-2020, жогорку кеңешке боло турган кайра шайлоо
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" шайлоого катыштырбоо сунушталды
15:00 21.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эл өкүлү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон партиялар күнөөсүн сезиши керектигин айтууда.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" кайра шайлоого катыштырбоону сунуштады.
Ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон партиялар күнөөсүн сезиши керектигин айтат.
"Президент, өкмөт кетти, Борбордук шайлоо комиссиясы кетип жатат. Анан эмне "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстандан" баргандар калып калайын деп жатасыңарбы? Болбойт андай! Күнөөлүүлөрдүн баары кетсин, башкаларга жол ачып берели. Элдин талабы ошондой. 120 депутаттын жүзү шайлоого катышып алып, элге жек көрүндү болдук. Арабыздан кесипкөй, деңгээли жогору 10-20 депутат барсын. Баарын жайлап салып, биз калдык деген туура эмес, аксакалдар. Алыбызга жараша иш кылалы", — деди Жапаров.
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Ошондой эле ал шайлоо босогосун 3 пайыз кылып койсо эле эл көчөгө чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албай турганын кошумчалады.