Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки болжолдуу жыйынтыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык түрдө эсептеген (АСУ) аппараттардын болжолдуу жыйынтыгын жарыялаган.
Андан кийин кол менен санап башташкан. Анын алдын ала жыйынтыгы Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада көрсөтүлгөн.

Белгилей кетчү нерсе, бул көрсөткүчтөр парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Себеби БШК аны расмий түрдө жарыялай элек.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке 16 саясий партия ат салышты. Парламенттен орун алуу үчүн партиялар шайлоочулардын 7 пайыздан кем эмес добушун, башкача айтканда, ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 0,7 пайыз добуш алышы кажет. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча саясий партияга парламентте 65тен ашык мандат берилбейт.

Өлкө ичинде жалпы 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеди.
Ал эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесине 3,5 миллиондон ашык киши кирген. Добуш берүү укугуна ээ кыргызстандыктардын 52 пайызы аял, 48и эркек экени белгилүү болду.

Шайлоо-2020 коронавирус пандемиясынын маалына туш келгендиктен, БШК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын алгоритм иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0