БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда, өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКМден бир бөлүм тартылган.
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи райондогу №82 көп кабаттуу үйдүн жанында учурда иштетилбей турган 40 чарчы метрлик темир павильон күйгөн.
Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.