БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 511 кишиден табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
- Бишкек шаары – 260;
- Чүй облусу - 104;
- Ош шаары - 27;
- Ош облусу - 20;
- Жалал-Абад облусу - 29;
- Баткен облусу - 16;
- Ысык-Көл облусу - 26;
- Нарын облусу - 26;
- Талас облусу - 3.
Ушуну менен коронавируска кабылгандардын саны өлкөдө 9 358ге жетти.