00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
08:15
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Жашыл Мурас” өнөктүгү башталганына 3 жыл болду - Коюлган максаттардын канчасы ишке ашты?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Корь, платные услуги и трансплантология — интервью с министром здравоохранения
10:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жер айдоо жана кой кыркуу боюнча жети облустун өкүлдөрү күч сынашат
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
80 лет Победы в короткометражках: что покажут в Бишкеке
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жарым кылым тарыхы бар Авиациялык институт — эл аралык кызматташтыгы, окуу сапаты
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эркекти тукумсуздуктан кантип сакайтса болот? – Уролог менен маек
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуштагы эрдиги Пафиловчулардан кем калбаган Жаманкул Жээнчороев
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Теперь по правилам: риэлторов в КР обяжут сдавать экзамен
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
20:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эркекти тукумсуздуктан кантип сакайтса болот? – Уролог менен маек
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Усубалиевди тынчсыздандырган Фрунзедеги фестиваль. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатовдун сүрөтү 1976-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ошол жылы борбор калаада Бүткүл союздук IX кинофестиваль уюштурулуп, ага бир топ атактуу режиссер, сценарист, актерлор келип, конокторду кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тосуп алган. Жыл сайын өткөрүлгөн саамалык буга чейин башка союздук республикаларда коюлуп келсе, Кыргыз ССРинде биринчи жолу уюштурулган.

Ал кезеңди СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев мындайча эскерет.

"Анда Фрунзе шаарында чоң майрам болгон. Эсимде, фестивалга 1500дөй адам катышып, иш-чара бир жумага жакын созулган. Кинотеатрларда бүткүл союздук республикалардын тасмалары көргөзүлүп, коноктор Германия, Франция, Англиядан келген. Мейманкалар атайын фестивалдын коноктору менен катышуучулары үчүн бошотулган. Өкмөт, партия жетекчилери жигердүү катышып, аткаминерлер башында турган. Ал учурда бийликтегилер менен маданият, адабият, кино кызматкерлери өтө жакшы мамиледе болуп иштешчү. Уюштуруу иштеринин учурунда биринчи катчы Турдакун Усубалиев "биздин республикадан кайсы тасма катышат, биз уят болуп калбайбызбы" деп калды. Катышуучулардын бири жаңы эле тартылып бүткөн менин "Ак кеме" тасмамды сунуштап, алар колдогон. Эң негизги максат кыргыз киносунун жогорку деңгээлин көргөзүү болгон. СССРдин курамындагы 15 республика, бүт киностудиялардын өкүлдөрү келген", — деди Шамшиев.

Эске сала кетсек, ошол фестивалда режиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасы баш байгеге ээ болуп, кийинки жылы режиссердун өзү, сценарийин жазган Айтматов, оператору Манасбек Мусаев СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0