Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушуу учурунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа биримдигине чыгаруудагы Молдованын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун билдирди.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолукту
Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолукту

Анда эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги талкууланган.

"Сооронбай Жээнбеков Молдова менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, учурдагы эки тараптуу мамилелердин деңгээли өлкөлөр ортосундагы потенциалга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Ал дагы бир ирет Кыргызстан жана Молдованын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков, андан сырткары, Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа биримдигине чыгаруудагы Молдованын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери жана Сингапурдун премьер-министри менен селфи форматында сүрөткө түштү - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков президенттер менен селфи жасады
Өз кезегинде Додон дагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 миллион АКШ долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенинин баса айтты.

Молдованын президенти алардын биримдик менен жакындашуусу 2017-жылдын апрелинде дал Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында башталганын билдирди.

Андан сырткары, Додон Жээнбековдун расмий сапар менен Кыргызстанга келүү чакыруусун кабыл алып, аны дагы Молдовага сапар менен келүүгө чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0