БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Айсулуу Тыныбековага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкектен үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу маалыматты спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
"Азыр эле президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунан чыктык. Айсулууга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын беришти", — деди Изабеков.
Ал эми машыктыруучуга акчалай сыйлык берилген.
Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.
Виджет news