Нур-Султанда кыргыз спортчусу калыстар бербеген медалды "тартып" алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу памяти Героя Советского Союза Дуйшенкула Шопокова
Международный турнир по боксу памяти Героя Советского Союза Дуйшенкула Шопокова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты 12-20-июль күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жаштар арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык Азизбек Замирбек уулу калыстардын катасын далилдеп, коло медалга ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмунда беттешпей калды
Белгилей кетсек, аталган чемпионат 12-20-июль күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн. Кыргызстандык спортчу 54 килограмм чен бирдикте биринчи аракетинде 80 килограммдык штанганы көтөрө албай койгон. Бирок экинчи жолку аракетинде көтөрүп кеткен. Ал эми үчүнчү аракетинде 89 килограммды көтөрүп, 88 килограмм көтөргөн америкалык спортчудан ашып түшкөн. Бирок калыстар Замирбек уулунун эмгегин эсептебей, аны 4-орунга жазып койгон.

Мындан улам Улуттук команданын башкы машыктыруучусу Аднан Жабраилов калыстар тобуна апелляция берген.

Калыстар эпизодду кайра башынан карап чыгып, эч кандай эреже бузуу болбогонуна ынанышкан. Ошентип, Азизбек Замирбек уулу Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло медалына татыды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0