Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОтчет премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше
Отчет премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң көп айлык алган өкмөт мүчөлөрүнүн көч башында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков турат. Ал эми эң аз алганы — саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Негизи бирөөнүн капчыгын аңдыган туура эмес, бирок эл төлөгөн салыктын эсебинен айлык алган аткаминерлердин чөнтөгү тууралуу кеп болгондо, эл башкаргандардан "канча акчаң бар?" деп эч тартынбай суроого шарт түзүлөт.

Андыктан Sputnik Кыргызстан өкмөт мүчөлөрүнүн айына канча сом иштеп табарына кызыгып көрдү.

 Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасынын төрагасы менен аудиторлору канча айлык алат? Расмий жооп
Негизи премьер-министр, төрт вице-премьер жана 12 министрге кайрылганбыз. Бирок үч министрдин айлыгы жөнүндө биле албадык. Финансы жана Юстиция министрликтери эч себепсиз эки ай бою жооп берген жок.

Дагы бир кызык жагдай, премьер-министрдин айлыгы тууралуу эч тоскоолдуксуз маалымат алып жатсак, 1-2 министрлик жетекчисинин маянасы жашыруун сыр экенин айтып, көгөрүп туруп алышты.

Баса, министрлердин негизги айлыгы (оклад) 24 миң сом экен, мунун үстүнө аскердик жана кызматтык чини, мамлекеттик кызматтагы стажы, илимий даражасы, купуя сырларды сактагандыгы сыяктуу артыкчылыктары үчүн кошумча акча төлөнөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев — 49 345 сом

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү 2018-жылдын 20-апрелинен бери башкарып келе жатат. Ага чейин бир ай президенттин аппаратын жетектеген. Баса, Абылгазиев эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Социалдык фондду эң узак, 6 жыл башкарган жетекчи боло алды.

Азыр өкмөт башчыга жалпысынан канча айлык чыгарын айтышкан жок, бирок бардык алымча-кошумчасын эске алганда, колуна 49 345 сом тиет экен.

2017-жылкы декларациясына караганда, жылдык кирешеси 2 миллион 367 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, 1 миллион 850 миң сомго бааланган жылкылары, 640 миң сомдук ири мүйүздүү малы, 1 миллион 676 миң сомдук кой-эчкиси бар экени көрсөтүлгөн. Жакын тууганынын 278 чарчы метрлик үйү бар.

Кубатбек Боронов — 47 265 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин жети жыл өзгөчө кырдаалдар министри болуп келген. Бир кызматта узак иштегендиги жагынан алганда премьер-министрден кем калышпайт. Ал эми айлык акы темасына келсек, учурда колуна тийген маянасы 47 265 сом.

Майда тыйын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат
Бул аткаминер акыркы декларациясын 2017-жылы министр кезинде тапшырган. Андагы жылдык кирешеси 869 миң сомго жеткен. Мындан тышкары, 29 жана 46 миң сомдук кыймылдуу мүлкү, 166 миң сомдук тиричилик техникасы жана 380 миң сомдук эмереги бар экенин көрсөткөн. Ал эми жакын тууганынын Lexus RX 400 Н үлгүсүндөгү автоунаасы жана баалуу кагаздары бар экенин көрүүгө болот, бирок алардын наркы жазылган эмес.

Жеңиш Разаков — 50 326 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Жеңиш Разаков
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков

Вице-премьер-министр учурда өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен эң көп айлык алган адам. Бардык алымча-кошумчасын эсептегенде колуна 50 326 сом алат. Карьерасын алгач укук коргоо органдарынан баштаган, аскердик чини — милициянын полковниги. Жеңиш Разаков азыркы кызматына дайындалганына чейин КР президентинин кеңешчиси болчу.

Вице-премьер катары акыркы декларацияны 2016-жылы тапшырган (2017-жылкы декларациясы жарыяланган эмес). Анда жылдык маянасы 691 миң сомду, пенсиясы 144 миң сомду түзгөн.

Алтынай Өмүрбекова — 40 000 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова

Өмүрбекованын вице-премьер-министр болгонуна бир жыл үч ай болду. Анын дагы толук айлыгы көрсөтүлгөн жок, ал эми колуна тийгени 40 миң сом экен.

2015-жылы "Республика — Ата-Журт" партиясы менен парламенттик шайлоого келип, депутат болгон. Андагы декларациясына караганда, жылдык кирешеси 873 миң сом эле. Жакын тууганынын 173 миң сомдук кирешеси жана 170,5 чарчы метрлик батири бар экени айтылган.

Замирбек Аскаров — 43 000 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Замирбек Аскаров
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров

Замирбек Аскаров региондон өсүп чыккан кадр. 2018-жылдын апрель айында вице-премьер-министр болуп дайындалганга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Негизи карьерасын Ош мамлекеттик университетинин мугалими болуп баштаган. Учурда колуна тийген айлыгы — 43 миң сом.

Буга чейин саясий жана атайын кызматтарды аркалабагандыктан, декларациясы жарыялана элек.

Чыңгыз Айдарбеков

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министрлиги Айдарбековдун айлыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, "Өкмөттүн токтомуна ылайык (№255, 2013-жылдын 7-майындагы), кызматтык пайдалануудагы документтердеги маалыматтарды бере албайбыз" деп жооп берди.

Министр буга чейин Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. 2016-жылкы декларациясындагы маалыматтарга ылайык, ал жылы 2 миллион 224 миң сомдук киреше тапкан.

Кашкар Жунушалиев — 24 000 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министрлиги дагы жетекчисинин толук айлыгын ачыктаган жок. Жүйөөсү — тышкы саясат менен алектенген министрликтикине окшош. Болгону 24 миң сом алары айтылган. Бирок бул жогоруда көрсөтүлгөндөй, министрдин оклады гана болушу мүмкүн.

Жунушалиев министр болуп былтыркы жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин башка кызматтарды аркалагандыктан, декларациясы жарыяланган эмес.

Марат Жаманкулов

© Фото / пресс-служба Конституционной палаты КРЮстиция министри Марат Жаманкулов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Марат Жаманкулов Юстиция министрлигин былтыркы жылдын сентябрь айынан бери башкарып келе жатат. Ага чейин Жогорку соттун Конституциялык палатасында төраганын кеңешчиси, аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Министрдин айлыгы тууралуу маалыматты ведомствонун өзүнөн эки ай (кат 14-май күнү жолдонгон) күтүп, жооп ала алган жокпуз. Жалыйнасын мынчалык сыр кылып катканы түшүнүксүз.

Макала чыккандан төрт сааттан кийин министрдин айлыгы тууралуу маалымат беришти.

"Юстиция министринин кызматтык маянасы 24 000 сомду түзөт. Андан сырткары кошумча төлөмдөр (иштеген жылдары үчүн пайыздын үстөк, жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү, класстык чен ж.б.) жана эсептен чыгаруулар менен айына 45 545 сом эмгек акы алат" — деп айтылат маалыматта.

Бактыгүл Жээнбаева

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы министри Бактыгүл Жээнбаева
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын кол алдында иштегендер дагы жетекчисинин айлыгы тууралуу эч маалымат берген жок.

Бул аткаминер мурда Мамлекеттик ипотека компаниясынын, "Айыл Банк" ААКсынын төрайымы болгон. 2018-жылдын 13-декабрында КР каржы министри болуп дайындалган.

Макала чыккандан үч сааттан кийин министрдин айлыгы тууралуу маалымат беришти. Анда Жээнбаевага айына 48 900 сом каралганы, бирок колуна 40 098 сом тиери айтылган.

Санжар Муканбетов — 45 365 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Экономика министри Санжар Муканбетов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Санжар Муканбетов

Министрлердин ичинен эң көп айлык алганы Санжар Муканбетов. Бардык салыктарды жана жыйымдарды алып салганда колуна 45 365 сом тиет. Оклады бардык эле министрлердей болуп 24 миң сом. Калганы класстык чини, эмгек стажы жана купуялуулук үчүн төлөнөт.

Муканбетов бул кызматка келгенине эки гана айдын жүзү болду. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Эркинбек Чодуев — 32 405 сом

© Фото / пресс-служба ЖКАйыл чарба министри Эркинбек Чодуев
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев

Жаңы дайындалган министрлердин бири Эркинбек Чодуев. Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев картошка чуусунан сынга алынып жүрүп кызматтан кеткенден кийин анын ордуна келген. Буга чейин анын орун басары болчу. Чодуевдин министр катары айлыгы 40 миң сом. Анын ичинен колуна тийгени 32 405 сом. Анын 24,5 миңи оклад.

Жанат Бейшенов — 33 684 сом

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТранспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов

Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп жыл башынан бери иштеп келе жатат. Бул министрликте 2005-2006-жылдары иштеген. Андан кийин дайыны чыкпай кетип, 2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. Азыр ага министр катары 42 миң сом айлык бөлүнөт. Бирок салык жана кармап калуулардан кийин колуна 33 684 сом алат.

Нурболот Мирзахмедов — 29 225 сом

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов

Буга чейин Эсеп палатасында аудитор болгон Мирзахмедовдун өзгөчө кырдаалдар министри болгонуна бир жыл үч ай болду. Ал азыр айлыгы эң аз министрлердин бири. Айына 36 миң сом маяна чыкса, кармагандан кийин колуна 29 225 сом тиет.

Гүлмира Кудайбердиева — 28 785 сом

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Кыргызстандагы эл оозунан "түшпөгөн" министрлердин бири Гүлмира Кудайбердиева. Бул кызматта келе жатканына үч жылдын жүзү болду. Министр айымга билим берүү тармагы үчүн кылган кызматына ай сайын 35 миң 900 сом айлык чыгат. Бирок колуна 28 миң 785 сом берилет.

2017-жылкы декларациясы боюнча анын жылдык кирешеси 448 миң сомду түзгөн. Ошондой эле өзүнүн атына 92 чарчы метрлик батир катталган.

Космосбек Чолпонбаев — 26 985 сом

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Эң аз айлык алган министр Космосбек Чолпонбаев. Бир айлык эмгек акысы 33,6 миң сом деп бааланса, кармап калуулардан кийин 27 миң сомго чукул акча алат.

Буга чейин жарыяланган декларациялардын арасында бул министрдики жок. Анткени мурда башка кызматтарды аркалаган. Мисалы, учурда өзү жетектеп турган Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары болгон. Андан кийин Кыргызстандын Фармацевтика союзун башкарган.

Азамат Жаманкулов — 31 425 сом

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Жаманкулов ушул тапта эң жаш министр. Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жетектегенине октябрь айында бир жыл болот. Ага чейин ушул эле ведомствонун алдындагы Туризм департаментин үч жыл катары менен башкарган. Министрге ай сайын 39 миң сомдон бир аз көбүрөөк айлык каралган. Кармап калуулардан кийин анын эсебине 31 425 сом түшөт.

Улукбек Кочкоров — 35 645 сом

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келгенине бир жыл болду. Ага чейин Салык комитетинде бөлүм башчы, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп эмгектенген. 2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан.

Азыркы айлыгы 44 миң сом, бирок кармап калуулардан кийин 35 645 сом алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0