00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
ОГО!
Косуля Бэмби, самокаты и 50 тысяч платанов: неделя в историях
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnik'тен сүйлөйбүз
Кыргызстанда аялдар ишкердиги: мүмкүнчүлүктөр, көйгөйлөр жана экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салым
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
"Шам": технологиянын көлөкөсүндө калган адамдык баалуулуктар
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Спички и Транспортир
Почему мы плачем от песен и замираем перед картинами
18:07
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
1-декабрда Ак-Суу районундагы Жыргалан айылында "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, учурда иш-чарага карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Ачылыш аземи өтө турган аймакта уюштуруу, техникалык камсыздоо, сахнаны жасалгалоо жана конокторду тосуп алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Майрамдык иш-чаранын алкагында атайын маданий-көңүл ачуучу программа даярдалууда. Анда ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланат. Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган ири долбоорлордун бири болуп саналат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары "Ала-Арча" жаратылыш паркында калып калган өспүрүмдү караңгыда тоодон таап, түшүрүштү. Маалыматка караганда, 28-ноябрда саат 18:59да ӨКМдин 112 кызматына 17 жаштагы Т. Ю. аттуу улан чалып, адашып, тоодон түшө албай калганын билдирген.Куткаруучулар аны "Комсомолец" чокусуна баруучу жолдогу "Тепши" чекитинен жогору аймактан таап, ойго алып түшүшкөн. ӨКМ жарандарды тоого чыкканда сак болуп, аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.
Бишкектеги №98 Сооронбай Жусуев атындагы мектепте залкар акындын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган музей ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, музейдин ачылыш аземине мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, акындын кызы Анара Жусуева, мугалимдер жана окуучулар катышты. Музейдин экспозициясына акындын жеке буюмдары, өмүр жолун чагылдырган материалдар жана чыгармачылык мурасынан кабар берген баалуу экспонаттар коюлду. Салтанаттын жүрүшүндө окуучулар акындын ырларын көркөм окуп, анын чыгармаларына жазылган обондуу ырларды аткарышты. Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуев — КР баатыры, эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана белгилүү котормочу. Музейдин ачылышы акындын чыгармачылык мурасын сактоого, жаш муунду улуттук адабиятка жана руханий баалуулуктарга тарбиялоого багытталган.
Америкалык ишкер Илон Маск АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигин (USAID) көптөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болгон деп айыптады. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды. "Дал ошондой. Алар көптөгөн адамдардын өлүмүнө себепкер болушкан", — деп жазган Маск. Ал мындай пикирин Wall Street Apes аккаунтунда жарыяланган билдирүүгө жооп иретинде калтырган. Анда USAID уюму Вашингтонго жакпаган саясий режимдерди алмаштырууда курал катары пайдаланылганы айтылган. Шаршемби күнү USAID уюму өлкөнүн мурунку жетекчилеринин тушунда курал катары колдонулганын мойнуна алган. Маалыматка караганда, мындай саясат америкалык баалуулуктарга каршы келген. Ошондой эле ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында агенттик өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу документтерди жана кызматтык каттарды жарыялаган. Бул материалдар мекеменин кандай иштегенин чагылдырып турат. Белгилей кетсек, USAID АКШнын тышкы саясатын ишке ашырууда жана башка өлкөлөргө таасир этүүдө колдонулган куралдардын бири катары каралып келген. Дональд Трамптын администрациясы 2025-жылдын февраль айында агенттиктин ишин иш жүзүндө токтоткон.
Жаңылыктар түрмөгү
0