Чолпонбаев Космосбек Сариевич — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрисяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космосбек Чолпонбаевдин өмүр баянын, эмгек жолун Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

Космосбек Чолпонбаев 1963-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Жогорку билимдүү. Алматыдагы мамлекеттик медицина институтун "фармация" адистиги боюнча 1985-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— Сеченов атындагы Москва медициналык институтун аспиранты;

— КММАнын фармацевтика, аналитикалык жана органикалык химия кафедрасынын окутуучусу;

— Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника бөлүмүнүн башчысы;

— Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары;

— Кыргызстандын Фармацевтика союзунун төрагасы;

— 2018-жылдын 20-апрелинен, 2020-жылдын 1-апрелине чейин КР саламакттык сактоо министри болгон.

Фармацевтика илимдеринин доктору.

Жаңылыктар түрмөгү
0