Бир жылда 4 млн. сом айлык алган. Маянасы көп аткаминерлердин тизмеси

Жазылуу
22 чиновник бир жылда 2 миллион сомдон көбүрөөк маяна алган. Алардын кирешеси өлкө жетекчилеринин айлыгынан кыйла көп экени белгилүү болду.

Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ой келди сүйлөбөйт, жетекчини сындабайт! Дипломатка 10 "болбойт"
Мамлекеттик кызматта иштеп эң көп айлык алгандар Улуттук банктын жетекчилиги менен элчилер болуп чыкты. Мындай жыйынтыкка 2016-жылкы киреше тууралуу декларацияны карап чыккандан кийин келүүгө болот. Эсепке негизги кызматтан көргөн киреше кирди. Тизмеде эки миллион сомдон кем эмес акча тапкандар бар. Анда ошол аткаминердин аты-жөнү менен ошо кезде аркалаган кызматы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетчү жагдай, ал кезде бийлик адамдарынын айлыгы азыркыга салыштырмалуу төмөн болчу. Эң эле көп айлык алганы Конституциялык палатаны жетектеген Эркинбек Мамыров болуп чыкты. Орто эсеп менен 1,6 миллион сом.

2 миллиондон 3 миллионго чейин

Максат Тентимишов (Гуанчжоудагы башкы консул, Кытай) — 2 миллион 42 миң сом;

Зина Асанкожоева (КМШнын Экономика биримдигинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын өкүлү) — 2 миллион 86 миң сом;

Кубанычбек Өмүралиев (Белоруссиягы элчи) — 2 миллион 198 миң сом;

Чыңгыз Айдарбеков (Япониядагы элчи) — 2 миллион 224 миң сом;

Миргүл Молдоисаева (Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Нью-Йорк шаары) — 2 миллион 313 миң сом;

Нурбек Жеңиш (Улуттук банктын төрагасынын орун басары) — 2 миллион 324 миң сом;

Айжигит Буранов (Азербайжандагы элчи) — 2 миллион 341 миң сом;

Болот Отунбаев (Россиядагы элчи) — 2 миллион 349миң сом;

Ибрагим Жунусов (Түркиядагы элчи) — 2 миллион 357 миң сом;

Самаргүл Адамкулова (Индиядагы элчи) — 2 миллион 418 миң сом;

Канайым Бактыгулова (Кытайдагы элчи) — 2 миллион 423 миң сом;

Абдилатиф Жумабаев (Сауд Аравиясы) — 2 миллион 508 миң сом;

Лада Орозбаева (Улуттук банктын төрагасынын орун басары) — 2 миллион 570 миң сом;

Толкунбек Абдыгулов (Улуттук банктын төрагасы) —2 миллион 818 миң сом;

Кадыр Токтогулов (АКШдагы элчи) — 2 миллион 819 миң сом;

Чыңгыз Эшимбеков (БАЭ) — 2 миллион 907 миң сом;

3 миллион сомдон жогору

Өкмөттүн маалыматы боюнча 17-октябрь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы жетекчини ТИМ жамаатына тааныштырган - Sputnik Кыргызстан
Министр Чыңгыз Айдарбеков ишти эмнеден баштай турганын айтты
Авазбек Абдуразаков (Ирандагы элчи) — 3 миллион 54 миң сом;

Аскар Бешимов (Түштүк Корея) — 3 миллион 64 миң сом;

Гүлнара Искакова (Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчи) — 3 миллион 193 миң сом;

Нуран Ниязалиев (Катардагы элчи) — 3 миллион 311 миң сом;

Эринес Оторбаев (Германиядагы элчи) — 3 миллион 434 миң сом;

Асеин Исаев (Бельгиядагы элчи) — 3 миллион 592 миң сом;

Жусупбек Шарипов (Кувейттеги элчи) — 3 миллион 862 миң сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0