Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат

Жазылуу
Дүйнөнүн ар кайсы жеринде президенттердин айлыктары ар кандай. Мисалы, бири жылына 2,2 миллион доллар алса, башкасыныкы 10 миң доллардан араң ашат.

1-май - Эмгек күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекет башчылардын маңдай тери менен тапкан маянасы канча экенин билип көрдү.

Кызыгы, ачык булактарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан башка эч биринин айлыгы тууралуу маалымат жок. Андыктан, Эмомали Рахмон, Касым-Жомарт Токаев же Шавкат Мирзиёевдин канча аларын биле алган жокпуз.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаев

Ал эми Кыргызстандын мурдагы жана азыркы башчыларынын кирешелери ачык көрсөтүлгөн. Мисалы, экс-президент Алмазбек Атамбаев декларациясында 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом тапканын билдирген Бул сумманын канчасы айлык, канчасы башка булактардан келгени белгисиз. Бирок Атамбаев жаңы президент болгон жылдары 960 миң 744,84 сом айлык алары айтылчу. 

Макалада президенттердин негизги кызмат ордунан бир жыл ичинде иштеп тапкан маянасы гана көрсөтүлдү.

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүСингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун

Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун — 2,2 миллион доллар

Сингапурду 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Ли Сянь Лун дүйнө лидерлери арасында эң көп айлык алган адам экенин көпчүлүк ЖМКлар жазып келет. Мисалы, 2017-жылы ал 2,2 миллион доллар тапкан. 

© REUTERS / CHRIS WATTIEКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо — 253 миң доллар

Жастин Трюдо өлкөнүн өкмөт башчысы кызматында туруп, жылына 253 миң доллардын тегерегинде киреше көрөт. 

© AFP / JOHN MACDOUGALLГерманиянын канцлери Ангела Меркель
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Германиянын канцлери Ангела Меркель

Германиянын канцлери Ангела Меркель — 244 миң доллар

2005-жылдан бери Германияны башкарып келе жаткан Меркель айым жылына 244 миң доллар айлык алат. 

© Sputnik / Алекс Макнотон / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын премьер-министри Тереза Мей
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мей

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мей — 198 миң доллар

Үч жылдан бери Улуу Британиянын өкмөтүн жетектеп келе жаткан Тереза Мейдин жылдык кирешеси 198,5 миң долларды түзөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын президенти Владимир Путин
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин

Россиянын президенти Владимир Путин — 133,8 миң доллар

Владимир Путиндин 2017-жылкы декларациясында 8 648 353 рубль (133,8 миң доллардын тегереги) иштеп тапканы жазылган. 

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАрмениянын президенти Армен Саркисян
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Армениянын президенти Армен Саркисян

Армениянын президенти Армен Саркисян — 24 миң доллар

Армениянын мамлекет башчысы жылына 24 миң доллардын тегерегинде айлык алат. Бул тууралуу ал кайрымдуулук максатында кайсы бир фондго алты айлык маянасын бергенде белгилүү болду. Тагыраагы, Саркисян "жарым жылдык айлыгым" деп 5,7 миллион драм (12 миң доллардын тегереги) бөлгөн.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКытайдын президенти Си Цзиньпин
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын президенти Си Цзиньпин

Кытайдын президенти Си Цзиньпин — 20 миң доллар

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын айлыгы анча көп эмес. 2015-жылы окладын 62 пайызга көтөргөндөн кийин жылына 20,5 миң доллардан маяна алат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков — 12 миң доллар

Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясында жыл ичинде 891 миң сом иштеп тапканы көрсөтүлгөн. 

© AFP / NICHOLAS KAMMАКШнын президенти Дональд Трапм — 1 доллар
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
АКШнын президенти Дональд Трапм — 1 доллар

АКШнын президенти Дональд Трапм — 1 доллар

АКШ президентинин жылдык айлыгы 400 миң долларга жетет. Бирок Трамп бул айлыктан баш тарткан. Анткен менен ал мыйзамга ылайык, жылына жок дегенде мамлекеттен 1 доллар алып турушу керек. https://sputnik.kg/politics/20161114/1030264268/tramp-bir-dollarga-ishtejt.html

© AFP / Vano ShlamovГрузиянын президенти Саломе Зурабишвили
Жээнбековдон Трампка чейин... Дүйнөдөгү президенттер канча айлык алышат - Sputnik Кыргызстан
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили айлык албайт

Өткөн жылдын аягында президенттик тактыга отурган Зурабишвили президенттик айлыктан баш тарткан. Бул жерде кайсы сумма жөнүндө айтылып жатканы белгисиз, бирок айлыгынын бир ларисин (Грузиянын акча бирдиги — ред.) дагы албай, муктаж болгондорго жардам болсун деп президенттик фондусуна которот.

Жаңылыктар түрмөгү
0