22:10 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоровдун архивдик сүрөтү

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
4924 0 0

Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. Атасы Точубай Кочкоров Баткен райондук айыл чарба башкармалыгында инженер болуп иштеген. Энеси Багниса Абдиламитова бухгалтерликти аркалап келген.

  • 1991-1995 — Кыргыз мамлекеттик университетин "Финансы жана кредит" бөлүмүн аяктаган. КРдин Финансы жана экономика министрлигинде башкы адис болуп эмгектенген;
  • 1997 — КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жогорку курсунан даярдоодон өтүп, улуттук коопсуздук органдарына жумушка орношкон;
  • 2001 — Россия федералдык коопсуздук академиясында тажрыйбасын жогорулаткан;
  • 2003 — Кыргыз мамлекеттик университетинде "Укук таануу" адистиги боюнча окуган;
  • 2009-2010 — Кыргызстандын Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;
  • 2011 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
  • 2018 — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри. 

"Жаңы Доор" саясий партиясынын жетекчиси;

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Жубайы Шайыргүл Латипова Улуттук госпиталдын невропатолог дарыгери.

Белгилер:
өмүр баян, Улукбек Кочкоров

ЭҢ МААНИЛҮҮ