https://sputnik.kg/20261129/1105196499.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында өтүп жаткан илим жана технологиялар боюнча ILIM FEST – 2026 фестивалына Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун мектеп окуучусу... 29.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-29T15:00+0600
2026-11-29T15:00+0600
2026-11-29T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105196333_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a732d3bbbb4802d114bb740dd814d446.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында өтүп жаткан илим жана технологиялар боюнча ILIM FEST – 2026 фестивалына Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун мектеп окуучусу катышууда. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Анын айтымында, быйылкы фестивалга 350 команда катышууда. Ар бир команданын курамында үчтөн мектеп окуучусу бар. ILIM FEST фестивалы быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүүдө. Министр белгилегендей, мындай иш-чаралар балдардын дараметин өнүктүрүү менен гана чектелбестен, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошо турган стартап долбоорлорду ишке ашыруучуларды, демилгечилерди, жаңы идеялардын жаратуучуларын жана инженерлерди даярдоого да өбөлгө түзөт.
Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын саламаттыгын сактоо боюнча Беларустан тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Ташкентте өткөн жолугушууда макулдашты. Ал Беларустун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен бул маселени талкуулаган. Эми кыргызстандык медиктер квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоо үчүн Минскидеги ооруканаларга жөнөтүлөт. "Алар кош бойлуулукту көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын, төрөт учурундагы татаалдашуулардын алдын алууну, түйүлдүктөгү тубаса жана хромосомалык ооруларды эрте аныктоону үйрөнүшөт. Ошондой эле ультраүндүк жана пренаталдык диагностика боюнча кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшөт", – деп айтылат маалыматта. Беларустан алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иш жүзүндө колдонулат. Бул кызматташтык энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган "Үмүт" мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.
Манас шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы жайыт жана кунарсыз жерлерди жашылдандыруу максатында 1 200 түп бадам жана мисте көчөтү отургузулду. Шаардык мэриядан билдиришкендей, көчөт отургузуу иштери "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. Жалпы 7 гектар жер аянтын көрктөндүрүү демилгесин жеке ишкер Уланбек Жороев көтөргөн. Иш-чарага Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Белгилей кетсек, аталган аймактагы дагы бир нече гектар жерге ишкерлер менен биргеликте көчөт отургузуу пландалууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн маанилүү инфраструктуралык объектилерине келтирилген зыян жана аларды калыбына келтирүү мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды ЖМКга жарыялоого тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Жарлыктын текстинде калкты жашоо-тиричилик жактан камсыз кылуучу жана отун-энергетика тармагындагы стратегиялык объектилердин кыйроосунун кесепеттери, ошондой эле аларды калыбына келтирүү мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды ЖМКда жарыялоого тыюу салуу боюнча шашылыш чараларды көрүү тапшырмасы берилген. Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина Россиянын экономикасына зыян келтирүү үчүн кемелерге жана мунай иштетүүчү заводдорго сокку урганын, эми ага жооп катары Россия дагы Украинадагы маанилүү объектилерге чабуул коёрун айткан. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында пайдаланылган энергетикалык, отун, майлоочу жана транспорттук инфраструктура объектилерине гана сокку уруп келет.
Бишкек шаарында өтүп жаткан илим жана технологиялар боюнча ILIM FEST – 2026 фестивалына Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун мектеп окуучусу катышууда. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Анын айтымында, быйылкы фестивалга 350 команда катышууда. Ар бир команданын курамында үчтөн мектеп окуучусу бар. ILIM FEST фестивалы быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүүдө. Министр белгилегендей, мындай иш-чаралар балдардын дараметин өнүктүрүү менен гана чектелбестен, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошо турган стартап долбоорлорду ишке ашыруучуларды, демилгечилерди, жаңы идеялардын жаратуучуларын жана инженерлерди даярдоого да өбөлгө түзөт.Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын саламаттыгын сактоо боюнча Беларустан тажрыйба топтоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Ташкентте өткөн жолугушууда макулдашты. Ал Беларустун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Борис Андрасюк менен бул маселени талкуулаган. Эми кыргызстандык медиктер квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоо үчүн Минскидеги ооруканаларга жөнөтүлөт. "Алар кош бойлуулукту көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын, төрөт учурундагы татаалдашуулардын алдын алууну, түйүлдүктөгү тубаса жана хромосомалык ооруларды эрте аныктоону үйрөнүшөт. Ошондой эле ультраүндүк жана пренаталдык диагностика боюнча кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшөт", – деп айтылат маалыматта. Беларустан алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иш жүзүндө колдонулат. Бул кызматташтык энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган "Үмүт" мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.Манас шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы жайыт жана кунарсыз жерлерди жашылдандыруу максатында 1 200 түп бадам жана мисте көчөтү отургузулду. Шаардык мэриядан билдиришкендей, көчөт отургузуу иштери "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. Жалпы 7 гектар жер аянтын көрктөндүрүү демилгесин жеке ишкер Уланбек Жороев көтөргөн. Иш-чарага Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Белгилей кетсек, аталган аймактагы дагы бир нече гектар жерге ишкерлер менен биргеликте көчөт отургузуу пландалууда.Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн маанилүү инфраструктуралык объектилерине келтирилген зыян жана аларды калыбына келтирүү мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды ЖМКга жарыялоого тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Жарлыктын текстинде калкты жашоо-тиричилик жактан камсыз кылуучу жана отун-энергетика тармагындагы стратегиялык объектилердин кыйроосунун кесепеттери, ошондой эле аларды калыбына келтирүү мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды ЖМКда жарыялоого тыюу салуу боюнча шашылыш чараларды көрүү тапшырмасы берилген. Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина Россиянын экономикасына зыян келтирүү үчүн кемелерге жана мунай иштетүүчү заводдорго сокку урганын, эми ага жооп катары Россия дагы Украинадагы маанилүү объектилерге чабуул коёрун айткан. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында пайдаланылган энергетикалык, отун, майлоочу жана транспорттук инфраструктура объектилерине гана сокку уруп келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105196333_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b11d57c978bc13cfc2dc0b0210479e4f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио