БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин бир айлык маянасы 24 миң сомду түзөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 25-апрелде парламенттин жыйыны учурунда депутат Урмат Самаев ИИМдин сержанттарынын маянасынын көлөмүн сураганда, министр кызматкерлер 8-12 миң сом аларын билдирген. Ал эми "Бул каражат үй-бүлөнү бакканга жетеби?" деген суроого Жунушалиев: "Жеткен үчүн жашап жатабыз да",- деп жооп берген болчу. Эртеси күнү ИИМдин маалымат кызматы "Жунушалиев бул каражат жетишээрлик экенин айткысы келбегенин, аны журналисттер туура эмес түшүнүп алганын" билдирген.
Мындан улам коомдо министр өзү канча айлык аларына кызыгуу пайда болгон.
"Министр айына 24 миң сом маяна алат. Ал эми ички иштер органдарынын кенже жетектөөчү курамынын орточо маянасы кошумча төлөмдөрү менен 9-10 миң сомдун тегереги", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул сумманын канчасы оклад, канчасы кошумча төлөм экенин ажыратып айтуу мүмкүн эмес экен. Анткени кызматкерлердин маянасын белгилөөчү укуктук-ченемдик актылары кызматтык пайдалануу үчүн колдонулуп, маалыматты сыртка чыгарууга тыюу салынган.