Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. 28-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +31…+36, Талас облусунда +30…+35 градус болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +32…+37 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +23…+28 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +34...+36 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0