Шыкмаматов: уран кенин казууга тыюу салган мыйзам долбооруна бут тоскондор көп

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым депутаттар Кыргызстанда уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору эмоция менен кабыл алынып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алмамбет Шыкмаматов бул мыйзамга бут тоскондор көп болуп жатканын айтты.

Учурда депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Депутат Азамат Арапбаев бул мыйзам долбоору эмоция менен кабыл алынып жатканын белгилеп, учурда уран кенин чалгындоого жети лицензия берилгенин эскертип, аны алгандардын тагдыры кандай болоруна кызыкты.

"Эгер ушул мыйзам кабыл алынып калса, ошол компаниялар Кыргызстанды канча доого жыгышы мүмкүн?" — деп Арапбаев суроо салды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев мисалы учурда бир гана Ur Asia Kyrgyzstan компаниясы 290 миллион сомдон ашык инвестиция салганын айтты.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Кызыл-Омполдогу окуянын артында кимдер турганын билем
"Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, алар алынбай калган пайда деп туруп миллиондогон долларга доого жыгышы мүмкүн. Азыр так суммасын айта албайм", — деди Ибраев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканда, керек болсо бүгүнкү күнгө чейин түрдүү бут тосуулар болуп жатканын кошумчалады.

"Ар кандай аргументтер айтылууда. Алардын баары "Кумтөргө" кудум окшош, "Сотко берет", "Экономиканы талкалайт", "Инвестиция азаят". Менин оюмча, бул аргументтер суу кечпейт. Анткени урандан келген зыян айтылган бир да аргументке татыбайт. Бул жерде элдин, келечектин жана экологиянын кызыкчылыгы болууда", — деди Шыкмаматов.

Ал ошондой эле Ur Asia Kyrgyzstan компаниясы менен өкмөттүк деңгээлде бир пикирге келсе болорун айтты.

Уран казууга кыршы митинги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда уранды иштетүүгө тыюу салынды, бирок бир жагдай бар
"Мисалы, аларга уран эмес алтын, көмүр кендерин берип, ийге келтирсе болот. Эми аларда (лицензия алган компаниялар – ред.) күнөө жок да, аларга убагында мыйзамдуу түрдө уруксат берилген. Эми өкмөт эл менен консенсуска келип, башка кен байлыктарын берип иштешсе болот. Мунун баары өкмөттүн жөндөмүнөн көз каранды", — деди эл өкүлү.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алтынбек Сулайманов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевге кайрылып, Кыргызстанды компаниялар сотко берет деп көзү ачыктык кылбоого чакырды.

"Булар эртең сотко берет деген коркунуч бар деп жатасыз. Эмне көзүңүз ачыкпы же сотсузбу? Кимсиз? Антип өкмөттүн атынан сүйлөбөңүз", — деди Сулайманов.

Андан сырткары, түрдүү калптарды айтып, депутаттардын башын айлантпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0