00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:51
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что видят наблюдатели СНГ на выборах в КР и как оценивают прогресс технологий
08:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көмүскө экономикага — жол жок! Президент салык чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ресторандар үчүн фискалдык программалык камсыздоо деген эмне — Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке киргизди
11:04
27 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Финансыны туура башкаруу канчалык маанилүү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Между возможностями и тревогами: ЕАЭС и китайский фактор
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий клуб «Беркут» при КРСУ: взгляд в прошлое, который меняет будущее
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мыкты окуп президенттен сыйлык алган Рахима Кубатбекова
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС вводит электронные пломбы: что это значит для перевозчиков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөттүн 100 миң сом жардам акчасын кимдер кантип ала алат? 7 суроого жооп

Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жакыр жашагандарга көмөк көрсөтүп, жашоосун бир аз да болсо жакшыртууга салым кошуу үчүн атайын токтом долбоорун иштеп чыккан. Аталган документ азыркы учурда өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду.

Бул долбоорго кимдер катыша алат, жакыр жашагандар кандай критерийлер менен тандалат жана каражат кандай шарттар менен берилет? Sputnik Кыргызстан агенттигинин ушул жана башка суроолоруна Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова жооп берди.

Токтом долбоору

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым акчасын өкмөт төлөй турган менчик бала бакчалар. Тизме, даректер
Социалдык долбоордун максаты — жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгаруу жана алардын өз ишин баштап кетүүсүнө көмөк көрсөтүү. Ошондой эле аларга шарт түзүп берүү менен жөлөк пул алгандардын санын азайтуу. Бул үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги атайын токтом долбоорун иштеп чыкты. Документте жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин каражат берүү каралган.

Долбоор качан иштеп баштайт

Токтом долбоору 10-июндан 10-июлга чейин өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлган. Негизи долбоордо бул ишти 1-августтан баштап жүзөгө ашыруу керек деп жазылган. Эгер коомдук талкууда сунуш-пикирлер түшсө, документ кайра толукталат. Андан кийин токтом долбоор өкмөткө көрсөтүлөт. Эгер бардык тараптан макулдук берилсе, ал 1-августтан тарта ишке ашып калат.

Жакыр жашагандар кандай критерий менен тандалат?

Бул каражат айыл өкмөттөн алган социалдык паспорту бар жана "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Айыл өкмөтү соцпаспортту аябай жакыр жашагандарга берет, үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун да колунда жок адамдар алышат. Ошол себептен ушул критерийлер каралган.

Жакыр жашагандар акчаны кантип алышат?

Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо - Sputnik Кыргызстан
Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо
Соцпаспорту бар жана үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алган адамдар алгач жашаган жериндеги айыл өкмөтүнө барып арыз жазат. Алар менен иштешүү үчүн эки комиссия түзүлөт. Биринчиси — айыл өкмөттүн деңгээлинде, экинчиси — райондук комиссия болот.

Арыз жазгандан кийин долбоорго катыша тургандар комиссия мүчөлөрү менен сүйлөшөт. Баса, ал жакка жөн гана акча алам деп барбастан эмне иш баштайт, алган каражатты эмнеге жумшап, чарбасын кантип алып кетери так белгиленген план түзө барышы керек. Эгер план түзгөндү билбесе, жок дегенде идеясы менен барса, комиссия мүчөлөрү аны кагазга түшүрүүгө жардам беришет. Ал жерде комиссия мүчөлөрү да консультация берет.

Комиссия каражат алчулар менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин эки тараптын ортосунда социалдык келишим түзүлөт. Дал ошол келишимге акча алган үй-бүлө каражатын кайда жумшап, эмне максатта алып жатканын толугу менен жазат.

Келишим түзүлгөндөн кийин үй-бүлөнүн алган акчасы кайда жумшалып, эмне иш жасалып жатканын комиссия мүчөлөрү менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Келишимде көрсөтүлгөн убактысы боюнча акча алган адам отчёт берип турат. Социалдык келишимдин мөөнөтү бүтмөйүнчө комиссия алар менен бирге иштешип, ишин жөнгө салып кетүүгө көмөк көрсөтөт.

Каражат кандай негизде берилет?

100 миң сомго чейин акча — бир гана жолу кайтарымсыз негизде берилет. Башкача айтканда, ал акчаны алган киши кайра өкмөткө акча төлөбөйт.

Долбоор канча убакытка чейин иштейт?

Кыргызстанда сөөк коюуга берилчү жөлөк пул - Sputnik Кыргызстан
Сөөк коюуга өкмөт канча акча берет. Аза зыйнатына байланыштуу жөлөк пул
Убактылуу жобо 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт деп пландалган.

Долбоорду ишке ашырууга канча акча каралып жатат?

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 миллион сом каралууда.

Асел Кемелова бул азырынча коомдук талкуудагы документ экенин баса белгилеп, ал дагы толукталып өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. "Быша элек" долбоор болгондуктан азырынча кандай документтер керектелери айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0