Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековШаарда сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Шаарда сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү, 7-мартта, өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10…+15 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын аймагында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +12...+14 градуска көтөрүлсө, Бишкекте +11…+13 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0