Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек?

© Фото / Улан КожомкуловПотомок баатыра Кожомкул Каба уулу Орозалы Жапар уулу
Потомок баатыра Кожомкул Каба уулу Орозалы Жапар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аты-жөнү кылымдарды карытып, кыргыз элинин коомдук-саясий, маданий турмушунда маанилүү роль ойногон Ормон хандын, Алымбек датка менен Курманжан датканын жана башка белгилүү инсандардын урпактары кайда, эмне менен алектенишет?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкө тарыхындагы атактуу 13 инсандын небере-чөбөрөлөрүн таап, байланышты. Материалды даярдоого тарыхчылар жана кино тармагындагы адистер жардам берди. Тизме улуулата түзүлдү.

Бишкек баатырдын урпагы Жамиля Алымбекова

© Sputnik / Акылбек БатырбековЭгемендүүлүк алган жылы борбор калаанын Фрунзе деген аталышы Бишкек болуп өзгөргөн
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк алган жылы борбор калаанын Фрунзе деген аталышы Бишкек болуп өзгөргөн

Эгемендүүлүк алган жылы борбор калаанын Фрунзе деген аталышы Бишкек болуп өзгөргөн. "Бишкек баатыр" коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Алымбекова Бишкек баатырдын түз урпагы экенин айтууда. 

"Бишкек баатыр менин жетинчи атам. Андан бери Баймурат, Карачолок баатыр, Шопок баатыр, Курманаалы, Алымбек жана өз атам Сарман болот. Бишкек баатырдын урпактары Сокулук, Түз, Чат-Көл, Талас, Ысык-Ата жана Бишкекте турат. Атабыздын аркасы менен өзүм да тарыхка кызыгып калдым. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинде, БШКда, ЖКда иштеп жүрүп 2012-жылы пенсияга чыккам. 2011-жылы "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси түзүлдү. Биринчи жетекчиси Эсенгелди Асылкулов беш жыл ичинде көп иштерди жасады. Ал каза болгондон кийин фондду мен жетектеп калдым", — деди Алымбекова.

© Фото / Бакай СмановБишкек баатырдын урпактары Сокулук, Түз, Чат-Көл, Талас, Ысык-Ата жана Бишкекте турат
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Бишкек баатырдын урпактары Сокулук, Түз, Чат-Көл, Талас, Ысык-Ата жана Бишкекте турат
Бишкек баатыр 1702-жылы Аксы, Ала-Бука өрөөнүндө туулуп, Чүй өрөөнүндө отурукташып, 74 жашында, айрым маалыматтар боюнча 87синде көз жумган.

Ал түштүк кыргыздарын калмактардан бошотуудагы эрдиги үчүн "Туу жыгар" делип, атак-даңкы санжыра, тарыхта айтылып келет.

Солто уруусу Чүй өрөөнүнө көчүп келип, кыштоо, жайлоо бөлүштүрө баштаганда Бишкек баатырдын энчисине адегенде Аламүдүн өрөөнүнүн үстүндөгү Чуңкурчак жайлоосу тиет. Түштүктө жашап дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүк менен сооданын маанисин жакшы түшүнгөн баатыр жаңы конушка дал ушул нерселерди киргизип, анжияндыктардыкына окшоштуруп ылайдан сокмо там, короо-сарай курдурган. Ал конуш алган жердин тегерегине акырындап башка адамдар да көчүп келип, Бишкектикине окшоштуруп там салып отурукташа баштайт.

Ошентип Бишкек баатыр 1760-жылы азыркы борбордун ордун түптөгөн экен. Совет бийлиги тушунда ал негиздеген шаар узак жылдарга чейин Фрунзе аталып келгени маалым. Качан гана эгемендик орногондо, 1991-жылы, борборго өз аты кайтарылган.

Жайыл баатырдын кыбырасы Динара Исаева

© Фото / Пресс-служба мэрии Кара-Балты / Абдимиталипова Кызжибек XVII кылымдагы казак-кыргыз чабыштарына катышып баатыр аталган Жайыл Коңурбай уулунун эстелиги Кара-Балта шаарында коюлган
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
XVII кылымдагы казак-кыргыз чабыштарына катышып баатыр аталган Жайыл Коңурбай уулунун эстелиги Кара-Балта шаарында коюлган

XVII кылымдагы казак-кыргыз чабыштарына катышып баатыр аталган Жайыл Коңурбай уулунун кыбырасы Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Динара Исаева экендиги белгилүү болду. 

"Жайыл баатыр менин жетинчи атам. Анын тун уулу Асан, андан Жаныбек, андан Ногой, андан Байсак, чоң атам Иса, өз атам Шертай болот. Совет убагында баатырдын урпактары өздөрү тууралуу ачык айта алышкан эмес. Мен эс тарткандан бери Жайыл баатырдын урпагы экенимди билчүмүн, бирок көп маани берген эмесмин. 2012-жылы Кара-Балтада Жайыл баатырдын чоң эстелигин орнотуп, маданий жайын ачууга жардам бердим. "Жайыл" коомун жетектеп, урпактары болуп атабыздын ысымын жайылтуу менен алекпиз", — деп айтып берди Исаева.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайыл баатырдын кыбырасы Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Динара Исаева
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Жайыл баатырдын кыбырасы Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Динара Исаева
Жайыл Коңурбай уулу болжол менен 1710-жылы Сафед-Булан аймагында, азыркы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн. Бул жерге Жайылдын атасы Коңурбай калмактардын кысымынан улам Чүй өрөөнүнөн көчүп келүүгө аргасыз болгон. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин Жайыл анын бир тууганы, солто уруусунун башчысы Кошой бийдин тарбиясында калган. Кошой бий каза болгондон кийин эл башкарып, Кетмен-Төбөдөн Чүйгө көчүп келген.

Жайыл бир нече ирет казак-кыргыз чабыштарына катышып, баатыр аталган. Абылай хан баштаган казактардын биринчи чабуулун артка кайтарган. Абылайдын экинчи чабуулунда Жайыл аны колго түшүрүп, башын кесмек болот, бирок эки элдин мамилесине доо кетирбөө үчүн кое берген. Акыркы казак-кыргыз чабышында Абылай хан Жайыл баатырды, уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Момокон баатырды колго түшүргөн. Момокон менен Итике ортодогу сүйлөшүүлөрдөн улам аман калган. Калган уулдарына кошулуп, Жайыл баатыр 65 жашында өлүм жазасына кеткен. Бул кыргында көп кыргыз өлгөн. Кийин ал тарыхта "Жайыл кыргыны" деп аталып калган. Учурда Чүй облусунун Жайыл районуна баатырдын ысымы ыйгарылган.

Ормон хандын урпагы Рыскул Жолдошев

© Sputnik / Табылды КадырбековОрмон хан (1792—1854) XIX кылымдын биринчи жарымында ишмердүүлүк кылган инсан
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Ормон хан (1792—1854) XIX кылымдын биринчи жарымында ишмердүүлүк кылган инсан

Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессору Рыскул Жолдошев Ормон хандын кандайча урпагы экендигин айтып берди. 

"Ормон хандын 6 уулу болгон: Үмөтаалы, Чаргын, Аалы, Үсөн, Сейилкан, Бакал. Мен Чаргындын урпагымын. Өз атам — Жолдош, чоң атам — Ыбыш, бабам — Черикбай, бубам — Чаргын, кубарым — Ормон хан, жотом — Ниязбек бий, жетем — Эсенгул баатыр. Ормон хандын кыздары көп эле болгон. Кулан деген кызы (Боромбай бийдин келини) чоң акын жана атактуу кошокчу экендиги айтылат. Улуу баласы Үмөтаалы 1864-1867-жылдары орустардын басып алууларына каршы күрөш жүргүзгөн. Совет жылдарында бир топ тукумун кулакка тартып, жер котортушкан. Ормондун Сейилкан деген баласы чоң комузчу экен. Анын уулу Муса дагы залкар комузчу катары таанылган. 1939-жылы кыргыз маданиятынын Москвада өткөн декадасында сыйлык алган. Кинорежиссер Мелис Убукеев да хандын тукумунан. Мен тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессорумун. Учурда атабыздын Кочкордун Ормон хан айылында 150 түтүнгө чукул урпагы бар", — деди Жолдошев.

© Фото / Тынчтыкбек АлтымышевТарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессору Рыскул Жолдошев Ормон хандын урпагы
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессору Рыскул Жолдошев Ормон хандын урпагы
Ормон хан (1792—1854) XIX кылымдын биринчи жарымында ишмердүүлүк кылган инсан. Ал сарыбагыш уруусунун Манап тукумунан чыккан. Ата-бабасы эл бийлеген атактуу адамдар болгон. 1842-жылы Бухара эмири Кокондун ханы Мадалыны өлтүрүп, мамлекетин басып алгандан кийин Ормон Ниязбек уулу Кыргызстандын түндүгүндөгү урууларды бириктирип, өз алдынча кыргыз мамлекетин жарыялаган. Ал 1842-43-жылдары Ысык-Көл жана Нарын аймактарындагы Кокон чептерин талкалап, сарбаздарын сүрүп чыгарган. 1846-47-жылдары кыргыздарды басып алууну көздөгөн казак султаны Кененсары Касымовдун аскерлерин талкалап, башын алган. Кокон хандыгы Ормон ханды өз тарабына тартууга амал кылып, жогору делген "парваначи", "подполковник" наамын ыйгарып, алтын медаль беришкен. Бирок Ормон хан өз алдынча кыргыз мамлекетин түптөө аракетин токтоткон эмес. 1854-жылы каза тапкан.

Төрөгелди баатырдын кыбырасы Нурлан Кожогулов

© Фото / Нурлан Кожогулов Төрөгелди Абайылда уулу Кочкор өрөөнүндө 1799-1868-жылдары жашаган. Сарыбагыш уруусундагы Черикчи уругунун манабы, Ормон хандын кол башчысы болгон.
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Төрөгелди Абайылда уулу Кочкор өрөөнүндө 1799-1868-жылдары жашаган. Сарыбагыш уруусундагы Черикчи уругунун манабы, Ормон хандын кол башчысы болгон.

Тарыхтагы белгилүү манаптардын бири Төрөгелди баатырдын кыбырасы Нурлан Кожогулов Айыл чарба министрлигинде иштей турганын айтып берди. 

"Төрөгелдиге мен кыбырамын. Анын баласы Үркүнчү, андан Өтөмбай, андан Кожогул, анан менин атам Жамалидин болот. Төрөгелди баатырдын бабасы Маматкул бий калмактарды кыргыз жеринен сүрүп чыгарууда зор эмгек кылган. Чоң атасы Черикчи бий биринчи жолу Кытайга кыргыздардын элчиси болуп барган. Белгилүү акын Молдо Кылыч - Төрөгелдинин небереси. Дагы башка урпактары Кудайберген Үркүнчү уулу күүчү, мүнүшкөр болсо, Өтөмбай деген баласы медресе салдырып, элге там куруп берген, Кочкор элинин таасирдүү башкаруучусу болгон. Мен өзүм Айыл чарба министрлигинде эмгектенем. Урпактары Кочкордо жана Бишкекте турабыз", — деди Кожогулов.

© Фото / пресс-служба Минсельхоз КРТөрөгелди баатырдын кыбырасы Нурлан Кожогулов айыл-чарба министрлигинде эмгектенет
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Төрөгелди баатырдын кыбырасы Нурлан Кожогулов айыл-чарба министрлигинде эмгектенет
Төрөгелди Абайылда уулу Кочкор өрөөнүндө 1799-1868-жылдары жашаган. Сарыбагыш уруусундагы Черикчи уругунун манабы, Ормон хандын кол башчысы болгон.

Төрөгелди эр жүрөк баатырлыгы менен атагы чыккан. Казак султаны Кененсары жасаган 1846-жылдагы биринчи жортуулунда Төрөгелди баатыр аскер жетекчилеринин бири эле. Учурда баатырдын күмбөзү Кочкор районуна караштуу Молдо Кылыч айылынын үстүндө Ак-Кудук — Кочкор жолунун түндүк жагында жайгашкан.

Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү Чыныбек Абдыкапаров

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.Алымбек Асан бий уулу 32 жашында датка наамын алып, Анжиян беги болуп дайындалган
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
.Алымбек Асан бий уулу 32 жашында датка наамын алып, Анжиян беги болуп дайындалган

Тарыхта аттын кашкасындай таанымал мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана дипломаттар Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү Чыныбек Абдыкапаров эки инсандын урпактары тууралуу кеп кылды. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКурманжан датка тарыхта мамлекеттик-коомдук ишмер, дипломат катары аты калган
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Курманжан датка тарыхта мамлекеттик-коомдук ишмер, дипломат катары аты калган

"Алымбек менен Курманжандын тун баласы Абдылдабек, анын баласы Мырзапаяз, анын уулу менин атам Абдыкапар болот. Даткаларга чөбөрөмүн. Союз убагында урпактары "калк душманы", "бай-манаптын тукуму" деп куугунтукка кабылды. Партиянын ишине алынышкан эмес. Неберелери Мырзапаяз менен Арстанбек сүргүнгө айдалып, кийин атылып кетти. Белгилей кетсем, Мырзапаяздын небереси Муса Адышев профессор, Улуттук илимдер академиясынын президенти, бир катар мекемелерде жетекчи болгон. 1985-жылдан кийин бизге карата аз да болсо мамиле жумшарды. Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы да жарыкка чыкпадыбы. Мен өзүм 70тин чайын ичип отурам. Көп жыл кен тармагында иштедим. Даткалардын урпактары Оштун Алай, Кара-Суу аймагында жана Бишкекте турушат. Ачыгын айтканда, урпактары активдүү эмеспиз. Даткалардын 180, 200 жылдыгында бир чогулганбыз, эми Алымбек датканын 220 жылдыгы келе жатат", — деди Абдыкапаров.

© Фото / Тургиниса МурзаеваДаткалардын чөбөрөсү Чыныбек Абдыкапаров
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Даткалардын чөбөрөсү Чыныбек Абдыкапаров

Курманжан  1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыгат. Ошол Алымбек Асан бий уулу (1799-1862) Бухарадагы атактуу медреседе окуп, кийин Стамбулда да билим алып, Римге чейин барып, ал жерде төрт ай туруп, Кара деңиз аркылуу Россияга келип, 27 жашынан Кокондун ханы Мадалинин кызматына кабыл алынып, анын эң жакын кишиси — парваначысына чейин жеткен. 32 жашында хандыктын "датка" наамын алган да, Анжиян беги болуп дайындалган. Курманжан Алымбек датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү катары да кызмат аткарган.

Курманжан Датка тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Каза болгонуна 111 жыл. Курманжан датка тууралуу 13 факты
1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Алай элин жана жалпы кыргыздарды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган. Анын кадыр-баркын жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухара эмири Музаффар эд-Дин расмий жолугушууга келип, "датка" наамын ыйгарган.

Курманжан Алымбек датка менен 29 жыл бирге жашап, Абдылдабек, Маамытбек, Баатырбек, Асанбек жана Камчыбек деген беш уулдуу болгон.

Алай канышасы 1907-жылдын 1-февралында 97 жашында каза болгон.

Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы

© Sputnik / Жоомарт УраимовТарыхта мамлекеттик жана аскер ишмери катары таанымал Шабдан Жантай уулунун борбордогу эстелиги
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Тарыхта мамлекеттик жана аскер ишмери катары таанымал Шабдан Жантай уулунун борбордогу эстелиги

Тарыхта мамлекеттик жана аскер ишмери катары таанымал Шабдан Жантай уулунун 70 жаштан ашкан чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы менен дагы байланышууга мүмкүнчүлүк болду.

"Менин атам — Абдылдабек, чоң атам — Самүдүн, анын атасы — Шабдан баатыр. Шабдан баатырдын беш уулу болгон. Самүдүн, Кемел жана Аман деген уулдарынан балдар бар. Совет доорунда Шабдандын балдары, неберелери куугунтукка кабылып, кээси атууга кетип, көбү жогорку билим ала албай, даражалуу иш берилбей, сүргүнгө айдалган. Азыр деле Шабдандын тукумунан байлар, жогорку бийликтеги адамдар жок. Илим-билимге басым жасаган интеллигент адамдарбыз. Атабыз жөнүндө материалдар жалаң кыргыз тилинде болгондуктан, архивдик маалыматтарга таянып, орус тилинде көркөм китеп жаздым. Буюрса, китеп быйыл басмадан чыгат деп үмүт кылып турам", — деди Абдылдабек кызы.

© Фото / предоставлено Жаныл Абдылдабек кызыШабдан Жантай уулунун 70 жаштан ашкан чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Шабдан Жантай уулунун 70 жаштан ашкан чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы

Шабдан Жантай уулу 1840-жылы Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосундагы Чоң-Ак-Суу дайрасынын башындагы Туюк-Булуң деген жерде туулган. 1912-жылы дүйнөдөн өткөн.

1860-жылдары Кудаяр хан Кокон хандыгынын бийлигин кайтарууда көрсөткөн каармандыгы үчүн Шабдан баатырды Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган.

1878-жылдары Ат-Башыда жигиттери менен орус-кытай, кыргыз-кытай чек арасын тактоого катышкан. 1883-жылы падыша Александр ІІІтүн такка отуруу аземине катышып, "аскер старшинасы" наамын алган.

Арстанбек Буйлаш уулунун кыбырасы Асылбек Маратов

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАрстанбек Буйлаш уулу — чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу болгон
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Буйлаш уулу — чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу болгон

Ата-бабасынын жолун жолдогон өнөрпоздордун бири - белгилүү жаш акын Асылбек Маратов. Ал - чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун кыбырасы.

"Жети атамды санай келгенде бешинчи атам кадимки төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулу экен. Төртүнчү атам Көчөр, үчүнчүсү Ысмайыл, экинчиси Жөлөгөн, анан менин атам Марат. Кан-жаныңдан берилген өнөр кое бербеси анык. Туугандар жакшылыктарда обон созуп койгону болбосо, менден башкасы колго комуз алып өнөргө ыктагандары жок. Кудай буюрса, мен чоң акын болгонго аракет кылып жатам", — деп айтып берди Асылбек.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыбырасы Асылбек Маратов "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Кыбырасы Асылбек Маратов "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы

Арстанбек Буйлаш уулу — заманачы акын. Эртеңкини көрө билген олуялык касиетке ээ Арстанбек 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырт аттуу жеринде туулган. 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-Көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Таш-Кыя бейитине коюлган.

Ойчул акын философиялык көз караштагы ырларынан тышкары 500дөн ашуун күүнүн да автору болгон. Кезинде өнөрү Алымбек даткага жагып, жакшыларды жандап жүргөнү белгилүү. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген "Тар заман" чыгармасы да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн санат-термелери белгисиз бойдон калды.

Ал эми кыбырасы Асылбек Маратов 1990-жылы Нарын шаарында туулган. Учурда "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы. Айтыш өнөрү боюнча бир катар сынактардын жеңүүчүсү.

Кыдыр акенин чөбөрөсү Анарбек Шамиев

© Фото / Анарбек ШамиевБугу уруусунан чыккан элчи, саяпкер, олуя, комузчу Байсары уулу Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Бугу уруусунан чыккан элчи, саяпкер, олуя, комузчу Байсары уулу Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин бири Кыдыр аке Байсары уулунун урпагы Анарбек Шамиев билим берүү тармагында эмгектенерин айтып берди.

"Кыдыр акенин он эркек, жети кызы болгон. Үчүнчүсү чоң атам Шами, анын баласы Муса - менин атам болот. Кыдыр акеге чөбөрөмүн. Учурда Кыдыр акенин үч баласынан тараган 35тей түтүн бар. Алар Бишкекте, Каракалдо, Кереге-Ташта, Аксыда турушат. Мен өмүр бою мугалимдикти аркалап, завуч, директор, Аксы билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болдум. Урпактары медицина жана башка тармактарда эмгектенишет", — деди Шамиев.

© Фото / предоставлено Анарбеком Шамиевым Кыдыр аке Байсары уулунун урпагы Анарбек Шамиев билим берүү тармагында эмгектенет
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Кыдыр аке Байсары уулунун урпагы Анарбек Шамиев билим берүү тармагында эмгектенет

Бугу уруусунан чыккан элчи, саяпкер, олуя, комузчу Байсары уулу Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Чоң атасы Олжобай бугу элинин бийи, арык тукумунун башкаруучусу болгон.

Кыдыр аке - Көлдүн жети акесинин эң кичүүсү. 18 жашында болуштукка отуруп, андан кийин үч жолу удаасы менен шайланат. 83 жашка чыккыча акылынан адашпай, сөзүнөн жаңылбай, 1926-жылы 26-март күнү дүйнө салат. Элүүдөй бээ, жүздөй майда мал союлуп, тажыясына үч жарым миң адам келген. Сөөгү Кереге-Таштын тоо тарабына коюлган. Кыдыр аке өз мезгилинде эл башчыларынын арасынан биринчилерден болуп орустар менен тынч жашоого үндөгөнү тарыхта айтылат.

Токтогул Сатылгановдун небереси Канышай Токтогулова

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүКыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги, композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Саз-Жийде кыштоосунда туулган
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги, композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Саз-Жийде кыштоосунда туулган

Кыргыздын белгилүү төкмө акыны, обончу, комузчу, аткаруучу, дастанчысы, айтор көп кырдуу талант Токтогул Сатылгановдун небереси Канышай Токтогулова айрым урпактары да өнөр жолунда экендигине токтолду.

"Токтогул атабыз Сибирден кайтып келгенде Сейдимкан аттуу кызга баш кошуп, кыздуу жана уулдуу болушкан. Кызы Гүлсара 1961-жылы иске ууланып, Бишкек шаарында каза тапкан. Уулу Бабажан менин атам. Ал көп жылдар бою Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда иштеди. Биз алты бир тууган болсок, экөө өтүп кетти. Мен — тарыхчымын, сиңдим — финансист. Агам Молдожан сүрөтчү, иним Медер коомчулукка музыкант катары таанымал", — деди Токтогулова.

© Фото / предоставлено Канышай ТоктогуловойТоктогул Сатылгановдун урпактары. Небереси Канышай Токтогулова биринчи катарда ортодо көйнөк кийип турган айым.
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылгановдун урпактары. Небереси Канышай Токтогулова биринчи катарда ортодо көйнөк кийип турган айым.

Кыргыз элинин улуу акыны, кыргыз адабиятынын классиги, композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Саз-Жийде кыштоосунда туулган. Атасы Сатылган ырдаган, куйкум сөздүү куудул болсо, энеси Бурма сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу, эл оозуна алынган кошокчу болгон.

Акын алгачкы мезгилдеги чыгармаларында бай-манаптардын зордукчулугун, социалдык теңсиздикти ашкерелеп, карапайым калктын теңчилик заманды эңсеген үмүт-тилегин туюнткан. Мындай ырларынан кийин падышалык бийлик тарабынан 1889-жылы камакка алынып, Сибирге 7 жылга айдалган.

Токтогул нускоочу акын катары санат-насыят, терме, үлгү ырлардын көп түрүн түзүп, пейзаждык, сүйүү, өмүр темасындагы ырлары менен катар көп сандагы айтыштарды жараткан. Төкмө акын болуу менен "Манас", "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Шырдакбек", "Кедейкан", "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи-Бөкөй" деген элдик дастандарды аткарган. 1933-жылы дүйнөдөн кайткан.

Молдо Кылычтын чөбөрөсү Калыйбек Тобокелов

© Фото / Уулжан КалыйбековаМолдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулган. Атасы Шамыркан бий, болуш, ал эми чоң атасы белгилүү манап Төрөгелди баатыр болгон.
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулган. Атасы Шамыркан бий, болуш, ал эми чоң атасы белгилүү манап Төрөгелди баатыр болгон.

Кыргыздын тунгуч жазма акыны, замана агымынын көрүнүктүү өкүлү Молдо Кылыч Шамыркан уулунун чөбөрөсү Калыйбек Тобокелов менен да байланыштык.

"Молдо Кылыч атабыздын алты кызы жана жалгыз уулу Тобокел болгон. Тобокелдин баласы Мукаш — менин атам. Тобокел 1941-жылдагы согуштан кайтпай калды. Молдо Кылычтын эң кичүү кызы Бурул 98ге чыгып каза болду. Акыркы күнүнө чейин келинчегим экөөбүз карадык. Биз Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн Молдо Кылыч айылында турабыз. Бирок айыл расмий статус ала элек. Тукумубузда атабыздын жолун жолдогондор боло элек. Өзүмдүн 5-класстагы балам Жолдошбек Калыйбек уулу куюлуштуруп сүйлөп калат. Балким, талант айланып келип калар деп коебуз", — дейт Тобокелов.

© Фото / Уулжан КалыйбековаМолдо Кылыч Шамыркан уулунун чөбөрөсү Калыйбек Тобокелов
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Молдо Кылыч Шамыркан уулунун чөбөрөсү Калыйбек Тобокелов

Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулган. Атасы Шамыркан бий, болуш, ал эми чоң атасы белгилүү манап Төрөгелди баатыр болгон.

Алымбек Датканын айкели - Sputnik Кыргызстан
Римге чейин барган Алымбек датка. Мамлекеттик ишмер тууралуу 11 факты
Молдо Кылыч жаш кезинен диний мектептен сабаты жоюлуп, ырларын кагаз бетине түшүргөн. 1910-жылы өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып, аш-тойлордо ырдаган эмес.

Анын "Зилзала" деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казань шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. "Чүй баяны", "Керме тоо", "Канаттуу", "Кол казал", "Кара Кочкор", "Кыз-жигит", "Мал казал", "Жатакчылар", "Чүй канаттуулары" деген чыгармалары бар. Моло Кылыч 1917-жылы дүйнө салган.

Эшмамбет Байсейит уулунун урпагы Элмирбек Иманалиев

Азыркынын ак таңдай акыны Элмирбек Иманалиев Токтогулдун эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин айтып берди.

© Фото / Элмирбек ИманалиевЭшмамбет Байсейит уулу кыргыздын белгилүү төкмө акыны, ырчысы. Токтогулдун эң жакын шакирти катары эсептелген.
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Эшмамбет Байсейит уулу кыргыздын белгилүү төкмө акыны, ырчысы. Токтогулдун эң жакын шакирти катары эсептелген.

"Менин атамдын ысымы Калил. Аны төрөгөн Тай деген кемпир Эшмамбеттин жалгыз кызы болгон. Башка тукуму калган эмес. Мен ошол Тай чоң апамды кадыресе көрүп билип калдым. 93 жашында каза болду. Атам андан мурда өтүп кетти. Анда мен 12 жашта элем. Эшмамбеттин сөөгү биздин Токтогул районунун Чоңко айылындагы Ак-Жар мазарына коюлган. Токтогулдун Чолпон-Ата айылында Эшмамбеттин аталаш туугандары жашаган, азыр дагы ал жакта алардын урпактары бар", — деди Иманалиев.

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваАзыркынын ак таңдай акыны Элмирбек Иманалиев Токтогулдун эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Азыркынын ак таңдай акыны Элмирбек Иманалиев Токтогулдун эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү

Эшмамбет Байсейит уулу 1870-жылы Таластын Кырк-Казык айылынын Калба аймагында туулган. Кыргыздын белгилүү төкмө акыны, ырчысы. Токтогулдун эң жакын шакирти катары эсептелген. Токтогул Сибирге айдалганга чейин да, сүргүндөн келгенден кийин да Эшмамбет улуу акын менен чогуу жүрүп, ырчылык өнөрүн өркүндөткөн, таалим-тарбия алган. Токтогул экөөнүн бийлөөчү тапты, кожо-молдолорду ашкерелеген "Токтогул менен Эшмамбеттин эшен-калпаларга карата ырдаганы", "Папы калпа", "Ак туяк" жана башка алым-сабак ырлары эл оозуна алынган. Эшмамбет кезинде Жеңижок, Жаңыбай, Курман, Найманбай, Алтынай, Нурмолдо, Чоңду, Барпы, Калык жана башка акындар менен айтышкан. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Кедейкан" жана "Саринжи-Бөкөй" кенже эпосторун да айткан. Эшмамбет Байсейит уулу 1928-жылы 58 жашында Кең-Туулук чөлкөмүндөгү Чечекти жайлоосунда кайтыш болгон.

Ал эми жээн небереси Элмирбек Иманалиев азыркынын белгилүү төкмө акыны, обончу, ырчы. 1978-жылы Токтогулдагы Өзгөрүш айылында туулган. 1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы "КРдин эл артисти" наамын алган.

Кожомкул Каба уулунун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу

© © ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КРКылымда бир жаралчу алп балбан Кожомкул Каба уулу
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Кылымда бир жаралчу алп балбан Кожомкул Каба уулу

Кылымда бир жаралчу алп балбан Кожомкулдун Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын көтөрүп өткөнү тууралуу көп уксаңыздар керек. Анын урпактары дене түзүлүшү чоң, кара күчкө ээ болбосо дагы балбандын атын жайылтуу менен алектенип жатканын чөбөрөсү Орозалы Жапаров айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКожомкул Каба уулунун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Кожомкул Каба уулунун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу

"Кожомкул атабыздын төрт эркек баласы болгон. Улуулары Алымбек менен Турумбек оорунун айынан бир күндө каза тапкан. Кийинки балдары Амантай менен Муктар болгон. Мен Муктардын баласы Жапардын уулумун. Кожомкулга чөбөрөмүн. Азыр 50дөй урпагы бар, баарыбыз борбордо турабыз. Туугандардын арасында атабыздын жолун жолдоп спортко аралашып, же болбосо дене-башы алп адамдар жокко эсе. Балким келечекте чыгып калаар деп үмүттөнүп жатабыз. Мен Кожомкул атабыздын атын жайылтуу ишин колго алгам. 2016-жылдан бери Кожомкул Каба уулу атындагы эл аралык коомдук фондусу иштейт. Жакында Бишкекте музейи ачылды", — деди Орозалы.

Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн. Балбандыгы бала чагында эле байкалып, 15 жашында күрөшкө чыгып, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Ал убагында менмендеген балбандар менен күч сынашып, далайын жер караткан.

Айтматовдун баягы каармандары сүрөттө - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун баягы каармандары сүрөттө: кечээ жана бүгүн
Болжолдуу маалыматтар боюнча Кожомкулдун бою – 225, 236, 217 сантиметр, салмагы – 208, 164, 147 килограмм болгондугу айтылат. Ошондой эле күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алгандыгы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан аны көтөрүп өткөндүгү айтылат.

Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар.

Кожомкул спортту гана аркалабастан, коомдук иштер менен да алектенген. Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929), Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1955-жылы 67 жаш курагында дүйнө салган.

Саякбай Каралаевдин урпагы Каныбек Каралаев

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАтагы ааламга тараган манасчы, XX кылымдын Гомери Саякбай Каралаев
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Атагы ааламга тараган манасчы, XX кылымдын Гомери Саякбай Каралаев

Атагы ааламга тараган манасчы Саякбай Каралаевдин небереси Каныбек Каралаев дагы чоң атасынын ысымын жайылтуу менен алек.

"Саякбай атабыздын Чубак жана Сыргак аттуу уулдары болгон. Анан Рапикан, Каликан, Сайракан жана Гүлсүн аттуу кыздары бар. Чубактан тукум жок, өтүп кетти. Мен Сыргактын уулумун. Өзүмдүн эки эркек балам жана кызым бар. Урпактары Бишкекте жашайбыз. Саякбай атабыздын жолун жолдоп, манас айткандар болгон жок. Атам Сыргак деле филология тармагын тандап кеткен. Балким келечекте чыгып калаар деп үмүт кылабыз. "Саякбай манасчы" коомдук фондусуна мүчөлүккө алынып, атабыздын атын жайылтуу менен алекпиз", — деди манасчынын урпагы Каныбек Каралаев.

© Фото / Болот БаялиевСаякбай Каралаевдин небереси Каныбек Каралаев дагы чоң атасынын ысымын жайылтуу менен алек
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек? - Sputnik Кыргызстан
Саякбай Каралаевдин небереси Каныбек Каралаев дагы чоң атасынын ысымын жайылтуу менен алек

Саякбай Каралаев 1894-жылы 7-сентябрда Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөңдүн Семиз-Белинде кедей адамдын үй-бүлөсүндө туулган.

Тайвандын расмий аталышы Кызыл-Дөбө. Ал Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө кирет. - Sputnik Кыргызстан
Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат
Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болуп, 1918-жылдан тарта "Манас" айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Эр Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн.

Ошондой эле 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген. 75 жаш курагында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0