09:25 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
118420

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Ормон Ниязбек уулунун өмүр жолу тууралуу Sputnik даярдаган "Таржымалдан" окусаңыз болот.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга айбат көрсөтүп, ысымы Россия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын кутумунан ажал тапкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылар Асанбек Акматалиев жана Белек Солтоноевдин эмгектерине таянуу менен Ормон хандын таржымалын сунуштайт.

Атагын арттырган куда-сөөктүк саясат

Ормон хандын атасы Ниязбек сарыбагыш уруусунун белгилүү бийи. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин маалыматында, Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул үчүн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен өз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-төбөлүк бий Ырыскулбекке өз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чүй, Көл, Нарын, Кетмен-Төбө, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон Ниязбек уулу түндүк кыргыз урууларынын башын кошуп өзүнчө хандык түзүүнү көздөйт. 1842-жылы Ысык-Көлдүн этегинде 500 боз үй тигилип, кыргыздын курултайын өткөрөт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Төрөгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын өкүлдөрү да катышкан. Ошондой эле түштүк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жүрөт.

Курултайда Ормон: "Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жүрөбүз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, өзүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон үчүн курултайга чакырдым", — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сөз сүйлөп, Ормонду ылайык көрүшөт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын өзүнүн тамгасы, мөөрү болгон.

Кокондун сан миңдеген колун кыйраткан

Ормон хан такта турганда уруу аралык касташууларды токтотот. Жерди кеңейтүү максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гө жакын үй менен көчүп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду өзүнө тартуу үчүн "Парваначы" деген өтө бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды өзүнчө көз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик түзүү аракетин жүргүзгөн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы түндүк кыргыздарды басуу үчүн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Казак-кыргыз кармашы, Кененсарынын өлүмү

Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганы боюнча, 1845-жылы кыргыз-казак ортосунда "жылкы уурдалды" деп чыр чыгат. Анын натыйжасында казак ханы Кененсары Бишкектин түндүк жагындагы тынай элине кол салып, эрлер окко учат. Казак аскерлери балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып кетет. Эки жыл өткөн соң, 1847-жылы жаз айында Кененсары хан 20 миңге жакын аскери менен Сары-Өзөн Чүйгө жортуул жасайт. Сарыбагыштын жоого жарактуу жигиттери менен Жантай, Солтодон Жангарач баштаган кыргыздар жоонун жолун торогон. Жыйынтыгында Абылай хандын небереси Кененсары хан иниси Ноорузбай экөө колго түшөт. Алардын башы алынып, Россия бийлигине жөнөтүлгөн. Кененсарынын колун талкалап, аны туткундап өлтүргөндөн кийин Ормон хандын ысымы Кытай, Россия империяларында айтыла баштаган.

Ормон хандын колго түшүшү

Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан көл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо "кыргыздын тарыхы кыл үстүндө турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар" деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан көлдүн башын кыдырып, "Санташ" чегин көрүп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго түшүрүп туткундашат. Аны күйөө баласы Өмүрзак менен кызы Куландын үйүнө алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны өлтүрүүнү чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек төрөнүн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы өз кызынын үйүндө өлтүрүлөт.

Хандын куну, сарыбагыш-бугу чабышы

Ормон ханды ким кандайча өлтүргөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок көп убакыт өткөрбөй эле уулу Үмөтаалы менен иниси Төрөгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешүүдө аялдар туткунга алынып, жигиттер көз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы үч жылга созулган. Бул тирешүү уруулардын Россия карамагына өтүп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого түшүүсү менен токтогон.

Тема боюнча

Тайлак баатыр туурасында жети факты. 42 жаш. Жүлүндү сыздаткан өлүм
Белгилер:
Ормон хан, таржымал, тарых, туткун, өлүм, Кокон хандыгы

ЭҢ МААНИЛҮҮ