Хандыктагы кутумчулуктун айынан 62 жашында каза болгон Алымбек датканын кыргыз саясатында, дипломатиясында жана агартуу тармагында теңдешсиз салмагы болгон. Мына ушул тарыхый инсан тууралуу 11 факты назарыңыздарда.
1. Алымбектин теги. Анын атасы Асан бий, анан Шамырза, анын аталары Ажы бий, Тилеке баатыр болуп кетет. Булардын баары азыркы Фергана өрөөнүнө, Кашкарга, Бухара шаарына чейин таанымал эл башкаруучу жана ири соодагерлер болгон. Алайдан чыккан адигине уруусунун баргы уругунан. Алымбек мына ушундай тектүү үй-бүлөдө 1799-жылы туулган.
3. Кокон хандыгынын парваначысы жана даткасы. Кокондун Мадали ханы атактуу Ажы бийдин тукуму болгон Алымбекти 1826-жылы – 27 жашында хан ордого алдырып, парваначы даражасын берет. "Парвана" — чырактын жарыгын айланып жүргөн түнкү көпөлөктүн аты. Ал эми парваначы хандын жанындагы киши дегенди билдирет. Ал кезде парваначы хандыктагы эң жогорку кызмат болуп, аны хан өзү гана бекиткен, ордодон атайын эсеп менен каржылап турган, ордодо жашаган, хандык кеңештин мүчөсү катары жыйындарда чечүүчү добушка ээ болгон, өзүнүн мөөрүнө ээлик кылган, ал катардагы вазирлерден эмес эле, хан менен дайым бирге жүргөн, хандыктагы хандан кийинки экинчи киши катары эсептелген. Алымбекке 32 жашында, 1831-жылы "датка" наамы берилген. "Датка" фарси тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган, ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул ошол кездин чени менен алганда өтө чоң сый болгон.
4. Анжиан бектиги. Кокон ордосу 1831-жылы 32 жаштагы Алымбек парваначы-датканы Анжианга бек кылып жиберет. Ага азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Өзбекстандын Анжиан, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары кирген. Анжиан Кокон ордосунун Чыгыш чеги болуп, ага караган хандыктын Кетмен-Төбө, Көк-Арт, Алай сыяктуу "чуулгандуу" жерлерин башкаруу керек эле. Хандыктын жер чегин кеңейтип, ары Нарын, Ысык-Көл, Кашкар, Сары-Кол жерлерин каратып алуу ойлору да Алымбек датканын "колу" менен ишке ашырылмак. Ошол кезде бектин Кашкар, Ош, Анжиан, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип мал (товар) ташып турган кербендери болгон.
6. Анжиан бектигинин ордосун Ошко көчүрүү. XIX кылымдын 40-жылдарынын башында бектиктин борбору Анжиандан Ош шаарына көчүрүлө баштайт. Ал жерде Ак-Буура дайрасынан Күн батышка карай чыга бериштеги дөңсөөгө, Сулайман-Тактын этегине, болжолу азыркы (ОшМУнун жатаканалары, "Алай" мейманканасы, Шейит-Дөбө, Тешик-Таш, филармания жайгашкан жерлерге) Ак Ордо орнотуп, боз үйлөр айылын курган. Ортодо бийик секиге Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү тигилген. Алымбек датка, ал каза болгондон кийин чоң уулу Абдылдабек, зайыбы Курманжан датка, анын урпактары дал ошол жерден элчилерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана букара калкын кабыл алып турган. Ош борбор болуу менен шаар аралап өткөн Ак-Буура дарыясына эки өйүздү туташтырган 9 көпүрө курулуп, соода жайлары узарып жана жакшырып, кербен сарайлар кеңейтилип, мечит, медреселер, акжуваздар, майжувар, тегирмендер, жибек, жүн, пахта, тери иштетүүчү ишканалар салынган. Алымбек датканын жана анын балдарынын убагында Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуучу Төлөйкөн-Арык, Жоош-Арык, Жапалак-Арык, Баргы-Арык, Увам-Арык, Сабай-Арык, Анжиан-Арык, Коңурат-Арык, Кыдырша-Арык, Жаннат-Арык деген арыктар казылып, Ак-Буурадан суу чыгарылган. Жаннат-Арык азыркы Сулайман-Тактын түштүк жагында, мүрзөлөрдүн этегинен орун алган Айдың-Көл деген жасалма аузга (көлгө) куюп, ал жерде ак куулар, өрдөк-каздар каршы-терши сүзүп жүргөн. Шаар ичиндеги негизги жана шаардан Анжиан, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Араван жакка чыгып кетчү жолдорго таш төшөлгөн, Ак-Буура дайрасынын боюна бак отургузган.
7. Ошто туруп ордону башкаруу иштери. Алымбек датка Кокон хандыгынын четки жагына — Анжиан менен Ошко кеткени менен ордо иштерине активдүү катышып турган: 1842-жылы Шералыны хан көтөрүүнүн, 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнүн уюштуруучусу болгон; 1862-жылы 24-февралда Мала ханды жок кылууга катышкан; такка Шералы хандын он эки жашар жээни Шах Мурадды коюп алып, өзү бүт бийликти колго алып аталык аталган.
10. Эстеликке айланган тагдыр. Алымбек датканын эстелиги Ош шаарына Чыгыш тараптан кире бериш дарбазага (Кыр-Арык), Ош шаарындагы "Алымбектин ак өргөөсү" деген аянтка жана Алай районунун Гүлчө кыштагы башталган айлампага тургузулган.
12. Көркөм образга өткөн өмүр. Алымбек датка Курманжан датка менен бирге Т.Касымбековдун "Келкел" романында, Т.Касымбеков менен К.Сактановдун пьесасында, С.Жусуевдин "Курманжан датка" деген ыр менен жазылган романында, З.Эралиевдин "Тоо ханышасы" документалдык жана С.Шернияздын "Курманжан датка" деп аталган көркөм фильминде чагылдырылган. 2016-жылдын май айында ОшМУда анын 215 жылдыгына карата "Алымбек датка жана анын доору" деген илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анда окулган макалалар китеп болуп чыкты.