Кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугуп, кызматташуу жолдорун сүйлөштү. Министр бир канча тема, анын ичинде Афганистан боюнча билдирүү да жасады.
Андан соң Кыргыз-Орус Славян университетине барып, лекция окуду.

Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди

2/14
© DOSALIEV SULTAN
Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кызматташуу жолдорун талкуулады

Бул сапар Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга келер алдындагы даярдык иш-чарасы да болду

Лавров Россиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Андрей Крутько менен

ТИМ башчысы Кыргыз-Орус Славян университетинде лекция окуду

Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси университетте ар кыл суроолорго жооп берди

Окуу жайда министрди салтанат менен тосуп алышты

КРСУнун эл аралык журналистика боюнча кафедрасынын жетекчиси Александр Кацев суроо берип жатат

Суроо берүү кезеги Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменинага да жетти

Россия ТИМинин башчысы экинчи аба база боюнча суроого да жооп берди

Университеттеги суроо-жооптор да кызыктуу болду

Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен жолугуп, кызматташуунун андан аркы келечегин талкуулады

Эки министр жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти

Лавров студенттер, окутуучулар менен эстеликке сүрөткө түштү