Чекисттер Зилалиевдин банктагы 900 миң долларын чыгарган видео

Жазылуу
УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинде сакталган акчасын чекисттер чыгарган видеону таратты.

Буга чейин Мамлекеттик кызматта иштеп келген Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылганы айтылган.

Миллиондогон акча чыкты! Зилалиевдин үй-жайын тинткендеги видео - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон акча чыкты! Зилалиевдин үй-жайын тинткендеги видео
Аткаминер 2011-2016-жылдардагы расмий декларациясы тууралуу берген маалыматта өзүнүн тапкан акчасы 2 миллион 541 миң 527 сомду, ал эми жубайыныкы 408 миң сомду түзгөндүгүн белгилеген.

Анткен менен тиешелүү органдар текшере келгенде Зилалиевдин кайдан тапканы белгисиз, ири суммадагы акчалай активдери, мүлкү чыккан. Алардын баасы расмий кирешеден алда канча ашып кеткен. Акчаларын 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банктардын биринин филиалындагы ячейкада сактаган.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон. Ал соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0