00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Кто ответит за травмы и нарушения безопасности на работе? Разбор нового закона «Об охране труда»
12:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Майып балдарга эми "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт

© AP Photo / Marko DrobnjakovicТерезени карап олтурган бала. Архив
Терезени карап олтурган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызматтын негизги максаты — майып балдары бар ата-энелерге колдоо көрсөтүү.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт. Бул тууралуу жобого кол коюлгандыгын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Роддом в Нанте - Sputnik Кыргызстан
50 миң адам "балага сүйүнчү" ала элек. 200 млн. сом кайда кетет?
Жобо майып балдары бар ата-энелерге колдоо көрсөтүү максатында "жеке ассистент" кызматын ишке ашырууга шарт түзөт.

"Жеке ассистентти" майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык комиссиянын маалымкаты бар балага жалдоого болот. Ал балага ар тараптан жардам берип, мээримдүү болууга милдеттүү.

Майып балага ким "жеке ассистент" боло алат?

— ата-энеси;

— мыйзамдуу өкүлү (багып алган ата-энеси, камкорчу);

— чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, бир туугандары жана туугандары.

Бул кызматты көрсөткүсү келген адам өзү жашаган аймактагы социалдык коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылуусу керек. Ал үчүн жарандын паспорту, банктагы эсеби тууралуу маалымат жана психикалык дарты жоктугу жөнүндө медициналык бүтүм талап кылынат.

"Жеке ассистентти" Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмү атайын келишимдин негизинде бир жылга жумушка алат.

Бул кызмат көрсөтүүнүн бир түрү болгондуктан, жаран патент жана камсыздандыруу полисин алуусу шарт.

Ал эми оорулуу балага жардам көрсөткөн адамга канча айлык төлөнөрү боюнча айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0