Пневматикалык мылтыктан мышыкты эки жолу атып өлтүрүп, аны видеого тарткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымат таркаган соң Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери да териштирип, видеодогу атуулдун ким экени аныкталып, ички иштер башкармалыгына алынып келген.
"Мындан бир ай мурда, 5-октябрда саат 12:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков үйүнүн алдындагы короосунда өзүнүн бир жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, ага өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жарандын кылыгы "Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо" фактысы катары бааланып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.