00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чачтан портрет тарткан Умар. Сүрөтчү болбой калган чач тарачтын өнөрү видеодо

Жазылуу
Умар Мажитов бала чагында сүрөтчү болууну кыялданган. Бирок ал жашоо шартына жана ата-энесинин каршылыгынан улам жактырган кесибин аркалай алган эмес. Анан ал чач тарач кесибин тандайт да курска жазылып окуудан өтөт. Бул кесип менен иштеп жатканына быйыл алты жылдын жүзү болду.

Скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Тургунбай Садыков: искусствону түшүнүү үчүн бир гана нерсе керек...
Канткен менен дээриндеги талант Умарды тынч койбогонун айтат. Акыры ал өнөрү менен кесибин айкалыштыруу жолун тапкан. Ал кардарларынан калган чачтын кыркындысынан портрет тартууда. Мындай өзгөчө ыкманы колдонуу менен Кыргызстандын жана дүйнөнүн белгилүү инсандарынын элесин түшүргөн. Анын ичинде кино жылдыздары Мэрлин Монро, Брюс Ли, рэпер Тимати жана индиялык лидер Махатма Ганди бар.

Бул ирет Умар өзү иштеген чач тарачтын полуна Кыргызстандын көрүнүктүү актеру, сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовду тартты. Анүчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаковдун да чачын колдонду. Бирок анын чачы жеткен жок. Анткени бир сүрөткө 4-5 адамдын чачы керектелет экен.

"Сиздерге Сүймөнкул Чокморовдун портретин тартканым да жөн жерден эмес. Ал мени аябай шыктандырат. Өзү да сүрөтчү болгондуктан аны тартуу мага жагымдуу. Кесибиме хоббимди кантип айкалыштырам деген ой мени алты жыл кыйнады. Кээде түшкөн чачтарды ары-бери басып тебелеп жүрсөм бир сүрөткө окшоп калат. Акыры былтыр ушул идея жаралып алты ай мурда ишке ашырдым. Башында кайчы, жүрөкчөгө окшогон нерселерди тартып жүрдүм. Эң биринчи Мэрлин Монронун элесин түшүргөм", — деди Мажитов.

Ал сүрөттөрдү жумуш ордундагы полго тартып кайра шыпырып салат. Атайын тактайчага түшүргөндөрүн дубалына илип, кардарларынын назарына койгон.

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты
"Жакынкы күндөрү чач менен тартылган портрет, пейзаждарды көбөйтүп көргөзмө уюштурайын деп жатам. Акырындык менен түстүү сүрөттөргө да өтүү планым бар. Анүчүн шаардагы кесиптештеримден жардам сурап түстүү чачтарды чогултам. Өзүм Баткен районунун Айгүл-Таш айылында чоңойдум. 7-классымда райондо сүрөт мектеби ачылып, ага барам дегенде атам каршы болуп койгон. 11-классты бүткөндө Бишкекке келип Сүрөт академиясына тапшырайын десем да ата-энем каршы болуп ага да окубай калгам. Анан Кыргызстан эл аралык университетине тапшырдым. Кийин курска тапшырып чач тарачтыкты үйрөндүм", — деди сүрөтчү.

Белгилей кетсек, Умар Мажитов учурдагы кесибинин да майын чыгара жасайт. Буга чейин бир нече конкурстарга катышып келген. Өткөн жумада ал Бишкектеги "Best Barber — 2018" чач тарач искусствосу боюнча эл аралык чемпионатка катышып 3-орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0