Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз эл сүрөтчүсү академик Тургунбай Садыков 1935-жылы Баткен районундагы Говсувар кыштагында жарык дүйнөгө келген. Алгач Фрунзе шаарындагы Кыргыз көркөм өнөр мектебинде, андан соң Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билим алган.
Скульптор азыр да өнөрканасында жаңы эмгектердин үстүндө иштөө менен өзү негиздеген Улуттук көркөм өнөр академиясында таланттуу жаштарды тарбиялап келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Тургунбай Садыков менен жолугуп өнөр жолу, түбөлүккө калган эмгектери жана айкелчиликтин азыркы абалы тууралуу баарлашты.
— Алгач балалыгыңызды эскерип кетсеңиз? Өнөргө жакындыгыңыз ошол кезде эле билине баштады беле?
Негизи менин балалыгым каардуу согушка туш келди. Өтө оор заман эле. Ошол кездеги бир окуя эч эсимден кетпейт. Биздин айыл тоонун ичинде жайгашкан. Балдар чогулуп чоң жолдогу чаңды тегиздеп тоону, үйлөрдү, мал-жанды тартып ойнойт элек. Бир жолу күндөгүдөй эле боз чаңга сүрөт тартып ойноп жатсак, эки атчан киши келип калды. Сүрөттү ким тартканын сурашты эле балдар мени көрсөткөн бойдон өздөрү качып кетишти. Атчандардын бирөөсү жерге тартылган сүрөттү абайлай тегеректеп басып, анан мени өңөрүп алды. Азыр ойлосом райондун жетекчилигинде иштеген бирөөлөр окшойт. Ошол кишиден биринчи жолу сүрөтчү, айкелчи деген кесиптер бар экендигин, алардын эмгектери музейлерде коюларын уктум. Ал атчанды кийин жолуктурбадым, ким экендиги да эсимде жок. Бирок менин ушул жолду тандашыма чоң түрткү болгон.
— Дээриңиздеги талантка карабай ар дайым билимиңизди өркүндөтүп келипсиз?
— Албетте, татыктуу билимиң жок болсо талантың такшалбай калат. 10-классты бүткөн соң Фрунзеге келип Көркөм өнөр окуу жайында окуп калдым. Ошол кезде сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында эстеликтердин көргөзмөсү өтүп турчу. Мурда-кийин музейге барып көрбөгөн жаным ал жерден чыкпай калгам. Ошол көргөзмөдө жүрүп скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып калдым. Ал киши жаш экениме карабай мени жардамчысы кылып алды. Мен ага чопосун, жыгачын ташып жардам берсем, ал мага айкелчилик боюнча баалуу кеңештерин айтып жүрдү. Ошентип "Алтын бешик" деген чыгармам менен дипломумду коргодум.
— Сизди XX кылымдын алп скульпторлорунун бири болгон Сергей Коненков менен жакындан тааныш болгон дешет?
— Ал киши менен Фрунзедеги окуу жайды аяктагандан кийин тааныштым. Окууну бүткөн соң ар кандай көргөзмөлөргө катыша баштадым. 1961-жылы "Койчу бала" жана "Телегей" деген чыгармаларым Москвадагы Бүткүл союздук көргөзмөгө коюлду. Ага катышып келгендер эки эмгегимин тең элге, айрыкча СССРдин маданият министрине аябай жаккандыгын айтышты. Бир күнү эле мен күтпөгөн окуя болуп скульптор Сергей Коненковдон кат алдым. Катында "Койчу баланын" аябай жаккандыгын жазып, дарегин берип Москвага чакырыптыр. Ал киши менен жолугуу мендей жаш жигит үчүн өтө чоң сыймык болду. Поезд менен Москвага барып, түз эле Коненковдун өнөрканасына кирип бардым. Аппак сакалы жайкалган киши экен, мени жылуу тосуп алды. "Манас" эпосун окугандыгын айтып, мага кеңештерин берип, үйүнө бир нече күн коноктоп анан жөнөттү. Бишкекке келген соң да эмгектеримдин сүрөттөрүн жөнөтүп, кат жазышып жүрдүм. Байкап көрсөм канчалык иштерим эл оозуна алынбасын, билимимди дагы да тереңдетүү зарыл экен. Коненковго ушулардын баарын түшүндүргөн кат жаздым. Ал мага жардам берээрин айтып, кайра чакырды. Ошентип анын жардамы менен Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайына өтүп, аны 1963-жылы бүтүрдүм.
— Москвада маданият адамдары үчүн шарт жакшы болсо керек эле. Сиздин окууну аяктаарыңыз менен мекениңизге келишиңизге эмне түрткү болду?
— – Ооба, ал убакта Кыргызстанда өнөр адамдарынын чөйрөсү тар эле. Музейлердин саны да аз болчу. Мага "Москвада эле кал, бардык шартты түзүп, жада калса өнөркана ачып беребиз" дешкен. Өзүм ал убакта жаңы эле үй-бүлө кургам. Москвада мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен, башкы максатым өзүбүздөгү көркөм өнөр тармагын өнүктүрүү болчу. Андыктан бар күчүмдү ушул жаатка арнайын деп Кыргызстанда калууну чечкем.
— Эмгектериңизде улуу инсандардын портреттери (бюсттары) басымдуулук кылат. Негизи эле эстелик жасоодо образды кантип табасыз?
— Өзүңүз башында туруп ачкан Улуттук көркөм өнөр академиясы тууралуу айта кетсеңиз?
— Академиянын уюшулганына 27 жыл болду. Муну өтө уникалдуу система деп айта алам. Системанын ичинде алыскы аймактардагы мектептерибиз, колледждер, жогорку окуу жайы, аспирантура, анан эң чокусунда академия турат. Мектептерибиз интернат түрүндө. Ичинде тамак-аш, жатакана сыяктуу бүт шарттар бар. Окуучулар мектепти бүткөн соң каалагандай кесипти тандашат. Кээ бирлери биздин академияга келишет. Көп өлкөлөр менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашып турабыз. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн алды Америка, Европада иштеп жүрүшөт.
— Сизди айыл-кыштактардан бери кыдырып, таланттуу балдарды издейт деп уктум?
— Эми турмуш-тиричилик деген бар, ар үй-бүлөдө дайыма шарт боло бербейт. Биз мектептерди кыдырабыз. "Ким мыкты сүрөтчү" деп сурасаң окуучулар өздөрү эле көрсөтүшөт. Анан ал балдардын ата-энеси менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Макул болушса мектептерге алып келебиз. Скульптор, сүрөтчү — өтө сейрек учураган өнөр. Жүз баладан бирөө десек туура болот. Андыктан таланттуу балдарга туура багыт берип, өнөрдүн сырларын үйрөтүү — башкы максатыбыз.
— Көркөм өнөрдүн өлкөбүздөгү азыркы абалы кандай?
— Улуттук филармониянын алдындагы "Манас" скульптуралык ансамбли шаардын символуна айланган. Ушул эмгегиңиздин таржымалын айта кетсеңиз?
— "Манас" комплекси 1980-1981-жылардын аралыгында жасалган. Анын эскизи Москвада каралып, бекитилген. Монументти жасаар алдын "Манас" эпосунун көптөгөн варианттарын окудук. Образдын жаралышына көптөгөн илимпоздор катышты. Чыңгыз Айтматов өзү эскизинен баштап көз салып, пикирин айтып турду. Себеби, биз эбегейсиз чоң жоопкерчиликти алганбыз. Кыргыздар Манастын улуулугун жан дүйнөсү менен сезет. Адамдар Манастын образын сенин эстелигиң аркылуу таанып калышат. Андыктан монументти жасоо оңой болгон жок.
— Сиздин эмгек жолуңуздун көбү советтик мезгилде өттү. Бирок азыр ал доордогу эстеликтердин көбү алынууда. Ушу нерсеге көз карашыңыз кандай?
— Эми ар бир мезгилдин жазылбаган мыйзамдары болот экен. Советтик доор аяктап, идеология жоголду. Менин жеке пикиримде андай көрүнүштөр туура эмес. Себеби, ал доор да биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү болгондон кийин унутпашыбыз керек. Заман алмашат, аны менен кошо эл өзгөрөт. Ал эми чыгарма кала бериши керек. Египеттеги пирамидалар деле өз ордунда турбайбы.
— Искусствону түшүнүү үчүн өзгөчө бир нерсе керекпи?
— Билим. Көп окуп, айлана-чөйрөнү аңдай билип, анан жан дүйнөң таза болсо искусствону түшүнөсүң. Опера, балет, музей, театр, китепканаларга көп баруу керек.
— Сиз Айтматов менен жакын санаалаш болгонсуз. Азыр да жазуучунун айкелин жасап жатыпсыз…