00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Обеды за 30 сомов: что едят школьники и кто делает меню
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көркөм өнөр аркылуу мураска кайтуу — айкел жана эстеликтер жөнүндө скульптордун пикири
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кариес у 90% детей Кыргызстана: кто поможет защитить улыбку?
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде тамак-аш коопсуздугу кандай сакталууда?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек перед зимой: как «Тазалык» готовит город к снегопадам
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда соңку убакта эмнеге жер титирөө көп каттала баштады?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Молодые режиссёры и новые имена: кто формирует лицо кыргызского кино
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
«Самозапрет» на кредиты: в Кыргызстане запущен новый инструмент защиты от мошенников
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ишеничтен чыккандарды көңүлдөн чийген жакшы

© AFP / SEBASTIEN BOZONБакта сейилдеген адамдар. Архив
Бакта сейилдеген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң замандаш! Дагы бир таңдын кереметин көрүп жатканыбызга шүгүр.

Биз бири-бирибизге ишенүү менен алдыга кадам таштайт экенбиз. Ишеним жок жерде иш жүрбөйт эмеспи. Бир адамга ишенип жумуш табыштайбыз, кызматташтабыз, жолугушабыз, жакшылыктарыбызга чакырабыз, сырларыбызды айтабыз жана сүйөбүз. Жада калса өзүбүзгө-өзүбүз толук ишенип, кооптонууну жокко чыгарганда гана ийгиликке жетишебиз. Анткени ишеним деген нерсе жашообузда чоң роль ойнойт экен. Аны гүлгө салыштырсак болот, адамдарга болгон ишеничиң акталган сайын жанагы гүл көркүнө чыгып жалбырактары жаркырап, гүлүн ачат. Ал эми ошондой чоң ишеним менен өсүп жаткан гүлдү тебелеп, сындырып кетүү да колубуздан келет. Айрымдардын бирөөнүн ишеничине киргенден кийин кантип бети чыдап алдап коёрун түшүнө албайм. Баса, мындай ишенимди жоготуу башымдан өтпөгөнүн белгилеп коёюн. Бирок башкаларды көргөндөн кийин, аябай ишенип жүргөн адамдарыма кулак кагыш кылып коюуну туура көрдүм. Кесепет менен күрөшпөй, алдын алган жакшы да. Ошондой ишеничке кирип, андан соң алдагандарды адамдык сапаты эң төмөн экен деп сый-урматым жоголот. Андайларга баш оорутпай, жөн гана көңүлдөн чийип койгон эле жакшы. Өзү менен өзү болуп жүрө берсин. Мындай принцип менде эле эмес, баарында болсо керек. Андыктан ортодогу ишенимди жоготпойлу. Кеттик эмесе, чоң ишеним менен кечээги күндүн маанилүү жаңылыктарын тизмектейли.

Жакында эле биз ишенип барып жүргөн тамактануу жайлары санитардык талаптарга жооп бербегенин билдик. Муну бизге ачыктап берген Санэпидемстанциянын дарыгери Майрам Иманкулованын маегин окуңуздар.

Көчмөн турмуштан тарта азыркы убакка чейин коомдук жана мамлекеттик иштерге аралашып, саясаттын казанында кайнаган айымдарды эсиңизге салабыз. Буларга кыргыз эли чоң ишеним арткан.

Айткылачы, Тышкы иштер министрлигине ишениш керекпи же элчи Кылычбек Султангабы? Балким аларды текшерген Коопсуздук кеңешине ишенгенибиз оң болоор… Эки тараптан тең мыйзам бузуулар чыгып жатат.

Депутат Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда жүргөн кыргыздардын абалына кейиди. Ал эми Бакыт Төрөбаев Дача айылына кулаган учактагы жүк кимге тиешелүү болгонуна кызыкты.

Хабиб Нурмагомедовдун алигиче ыры да, чыры да бүтө элек. Кечээ аны менен Россия президенти Владимир Путин жолугуп, жеңиши менен куттуктады.

Анан ноябрь айында беш күн катары менен эс алат экенбиз. Жумушуңуздар болсо ошого карап пландап алыңыздар.

Ал эми быйыл кыш кандай болоруна кызыгып жатсаңыз бул жакка баш багыңыз.

Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.17 (сатып алуу) жана 69.49 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ишенген адамдарыбыз көп болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0