Эл үчүн жанын берип... Кыргыздын таасирдүү саясатчы айымдары кимдер?

© Фото / Айтыш фильмКадр из фильма "Курманжан Датка"
Кадр из фильма Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөн турмуштан тарта азыркы убакка чейин коомдук жана мамлекеттик иштерге аралашып, саясаттын казанында кайнаган кыздарыбыздан уучубуз куру эместигине тарых далил.

Бүгүн кыздардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясатта ордун тапкан кыргыздын чыгаан кыздарын тизмектеди.

Курманжан датка

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүү1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Алай элин жана жалпы кыргызды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган.
Страны мира. Киргизия - Sputnik Кыргызстан
1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Алай элин жана жалпы кыргызды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган.
Курманжан Маматбай кызы 1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыгат. Ал датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү да болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Ошондо Алай элин жана жалпы кыргызды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган. Аны жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин расмий жолугушууга келип, датка наамын ыйгарган. "Датка" фарс тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган. Курманжан даткага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Наам тарыхта биринчи жолу аталган аял кишиге ыйгарылган.

Уркуя Салиева

© Фото / предоставлено Умутай ЭралиевойУркуя Салиева Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү тапка каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 24 жашында басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Политический деятель и борец за свободу Уркуя Салиева - Sputnik Кыргызстан
Уркуя Салиева Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү тапка каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 24 жашында басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Уркуя Салиева Борбордук Азия аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын катарында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген. Тагыраагы 24 жашында басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Фатима Кыдырбаева

© Фото / сайт Верховного суда КР1941-1947 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы болуп иштеген Фатима Кыдырбаева
Председатель Верховного суда Фатима Кыдырбаева - Sputnik Кыргызстан
1941-1947 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы болуп иштеген Фатима Кыдырбаева
1914-жылы Чүйдө төрөлгөн. Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы укук таануучу. Билимди Москвадагы Бүткүл союздук юридикалык институттан алган. 1941-1947 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы болуп эмгектенген. Бир катар аймактарда прокурор болуп иштеп жүрүп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.

Күлүйпа Кондучалова

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКүлүйпа Кондучалова кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалова кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири
Мамлекеттик жана коомдук ишмер 1920-жылы 15-июнунда Пишпек уездинин Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген. 40-жылдардан тарта саясатка аралаша баштаган. Катчылык кызматтан тарта тышкы иштер менен маданият министрине чейин көтөрүлгөн. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси", I даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп эсептелет.

Зууракан Кайназарова

© Фото / предоставлено мемориальным дом-музеем имени Зууракан КайназаровойАтактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова чарбаны гана өркүндөтпөстөн саясатты да жөндөгөн
Дважды герой социалистического труда Зууракан Кайназарова - Sputnik Кыргызстан
Атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова чарбаны гана өркүндөтпөстөн саясатты да жөндөгөн
Атактуу кызылчачы чарбаны гана өркүндөтпөстөн саясатты да жөндөгөн. 1937-1954 жылдары СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч ирет Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Батыш Салиева

© Фото / предоставлено пресс-службой аппарата президента КРБатыш Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган
Батыш Салиева - Sputnik Кыргызстан
Батыш Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган
Эмгек жолун Салиева мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп баштаган, андан кийин Коммунисттик партиянын Өзгөн райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланып, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо комиссиясын жетектеген. 25 жыл Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде депутат болгон. Орто Азиянын профсоюздар кыймылынын ардагерлер кеңешинин ардактуу мүчөсү эле.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен эки жолу жана СССРдин башка көптөгөн медалдары менен сыйланган. 2015-жылы каза тапкан.

Жамал Ташыбекова

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова саламаттык сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган.
Партийный деятель, экс министр иностранных дел КР Жамал Ташибекова  - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова саламаттык сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган.
Ташыбекова 1967-жылдан баштап партиялык-мамлекеттик иштерде эмгектенген. Башкасын айтпаганда да Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштегени менен эсте калды. Бул жылдары Ташыбекова саламаттык сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган.

Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыйын кыздары. Бүшүркөбөй бүт баарын таап чыга аласызбы. Тест
Замандаштарынын эскерүүсүндө ал мекендин патриот кыздарынын бири болгон. Москвада жогорку окуу жайды мыкты аяктагандан кийин ал жердеги ири фабриканын бирин жетектеп калуу жана мыкты шарттар сунушталган. Бирок Кыргызстанга барып иштейм деген жаш адис айтканынан кайтпай туруп алган дешет.

Замандаштары анын сулуулугу менен кошо маданияттуулугун белгилешет. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтышат.

Роза Отунбаева

© Sputnik / Сагын Альчиев / Медиабанкка өтүүРоза Отунбаева аял президент катары бир гана кыргызда эмес, Орто Азиянын тарых барактарында сакталып калды.
Инаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева аял президент катары бир гана кыргызда эмес, Орто Азиянын тарых барактарында сакталып калды.
Экс-депутат, КРдин мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин эки тизгин менен бир чылбырды колго алган. Отунбаева Кыргызстанды 2011-жылдын 1-декабрына чейин башкарып, бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Отунбаева аял президент катары бир гана кыргызда эмес, Орто Азиянын тарых барактарында сакталып калды. Эгемендүү Кыргызстанда президенттик бийликти мыйзам жолу менен өткөрүп берген Роза Отунбаеванын кадамы башкаларга үлгү болуп кала берери бышык.

Жаңылыктар түрмөгү
0