Дача айылына кулаган учактагы жүктүн ээси боюнча маселе кайра козголду

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар түрдүү маселелерди карап жатат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында 2017-жылы "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жердеги Дача айылына кулаган учактагы жүк кимге тиешелүү болгонуна кызыкты.

Эл өкүлү ошондой эле такталбаган маалыматтар боюнча экипаждын бир мүчөсүнүн сөөгү табылбай калганы тууралуу да айтылып жатканын белгиледи.

"Борттогу экипаждын бирөөсүнүн сөөгү табылбай жатат деген такталбаган маалымат бар. Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери 1 саат 40 мүнөт окуя болгон жерге кире алган эмес. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, ӨКМди киргизбей койду деген сөздөрдү айтып жатышат", — деди депутат.

Төрөбаев ошондой эле учактагы жүк кимге таандык болгонун аныктоо үчүн жасалган иштердин жыйынтыгына кызыкты.

Өз кезегинде парламентке чакырылган УКМКнын төрага орун басары Асылбек Кожобеков азыр жанында маалыматы жок экенин айтып, тактагандан кийин суроого жооп берерин кошумалады.

Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача Су айылынын учак кулаган жеринде мемориал ачылды. Сүрөттөр
Эскерте кетсек, 2017-жылы 16-январда Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан сырткары, маркумдардын жакындары менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын комиссия иш алып барган.

Ал арада учактагы жүк Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарына таандык деген сөздөр социалдык тармактарга жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0