Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСейил багы. Архив
Сейил багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 12-октябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +12…+17 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +17…+19 градуска жетсе, Ош шаарында +15…+17 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0