Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана менеджмент факультетинин бүтүрүүчүсү. 2014-2016-жылдары "Тамчы кабар" гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2016-жылдын ноябрь айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда кабарчы болуп иштейт
Колумнист Эламан Карымшаков тилинен жаңылгандарга чара көрө турган мыйзам керекпи же жөн эле койгон жакшыбы деп суроо салды. Жаза колдоно турган норма эки жыл иштеп, кайра жоюлуп кеткен.
Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты толугу менен тапшыра элек, ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруп шайлоого кеткен.
Бул жолку шайлоодо эл мамлекет башчы кандай мыйзамдар менен иштеп, эмнеге укуктуу болорун так билбей туруп добуш бергени жатат. Себеби шайлоодон кийин жаңы Баш мыйзам кабыл алынары күтүлүүдө.
Россияга иштегени барам деген кыргызстандыктын чөнтөгүндө 40-60 миң сому болушу керек. Ансыз жетүү мүмкүн эмес.
Депутаттардын бир тобу эл парламенттин же президенттин башкаруусунда болууну өзү чечсин деген пикирде. Себеби баары бир президент башкарып алат экен дешет. Экинчи тарап жаңы Конституция менен эле кошо керемет жашоо келбей турганын эскертүүдө.
Доогерлер парламенттик шайлоонун жылдырылышы бийликти узурпациялоодон кабар берерин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлдөрү буга пандемия менен өлкөдөгү кырдаал таасир эткенин билдирип, тараптар кызыл чеке болушту.
Жаңы Конституция долбоорунун демилгечиси катары 80 депутат көрсөтүлгөнү менен аны жазуу процессине баары эле катыша бербегени маалым болду. Кээ бири документти такыр эле көрбөгөнүн айтууда. Ошол эле учурда жаңы редакциянын автору ким экенин эч ким билбей жатат.
Статистикага ылайык, Кыргызстандын жети жараны президент болууга үчүнчү аракетин жасап жатат. БШКнын эшигин каккандардын саны 63кө жеткени менен аны рекорддук көрсөткүч деп атоого болбойт. Мурда мындан дагы көп арыз бергендер болгон.
Юристтердин айтымында, VII чакырылыштын келишин создуктуруу бийликтин легитимдүүлүгүнөн шек жаратып, эл аралык коомчулук мамилесин үзүп коюшу мүмкүн.
Кыргызстан пандемия маалында коронавируска каршы күрөшүү жана кесепетин жоюу үчүн чет элдик донорлордон 773,09 миллион доллар сурады. Аталган каражаттын 597,38 миллион доллары кредит, 172,2 миллиону грант түрүндө берилмекчи. Бул сумма өлкө бюджетинин дээрлик жарымы.
Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков COVID-19 менен күрөшүүдө элге жардам берип жүргөн ыктыярчылар тобунун 12 өкүлүнүн сунуш-пикирлерин укту. Жолугушуу Ак үйдө өтүп, үч саатка созулган.
Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды шаардагы гимназия же лицейдин эмес, алыскы тоолуу райондогу орто мектептин окуучусу алды. Акмарал Нурбек кызы 229 упай топтоп, "Алтын сертификат" алган 53 бүтүрүүчүнүн сап башына чыкты.
Мейманкана бейтапканага, окуу борбору COVID менен күрөшүү мекемесине айланат. Өкмөттү күтпөй, акча чогултуп жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып келүүдө. Муну оор күндө ишкерлердин мамлекетке кошкон салымы десе болот.
Талаштуу мыйзамдарга автор болгон депутат Гүлшат Асылбаева жогорку билими туурасындагы дипломду сырттан окуп алган. Ишкерликтен түз эле парламентке секирген депутаттардын бири.