00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Бензин, алименты и народная дипломатия - итоги насыщенной недели
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанда үй-бүлөдө кол көтөргөндөр соттун чечимисиз эле дароо 14 күнгө чейин камалышы мүмкүн. Ал эми аял коркконунан каршылык көрсөтө албаса да, анын макулдугусуз болгон жыныстык катнаш түз эле зордуктоо деп таанылат. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты. Авторлор өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук кескин көбөйгөндүктөн жазаны катаалдаштыруу керек деп эсептейт. Долбоорго ылайык, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо эң башкы негиз катары аялдын ыктыярдуу макулдук бергени же бербегени саналат. Ошондой эле үй-бүлөдөгү кол көтөрүү өзүнчө укук бузуу катары бөлүнүп, кылмыштын белгилери жок болсо да, зомбулук көрсөткөн адам жети күндөн 14 күнгө чейин түз камакка алынышы ыктымал. Эгер жаңжал чыгарган адам айланасындагыларга коркунуч жаратууну улантса, милиция аны кадимкидей 3 саат эмес, 48 саатка чейин камап, кармап турууга укук алат.
Россия менен НАТОнун ортосунда чукул кырдаалда байланыша турган канал иштеп жатат, ал зарылдык жаралган учурда колдонулат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Веронадагы Евразия экономикалык форумунда айтты. "Бизде мындай канал бар, зарылчылык жаралса аны ишке киргизебиз", — деген дипломат. Эске салсак, 2021-жылдын октябрында НАТО россиялык дипломаттарды чыгарып жиберген соң Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга каршы жооп чараларын жарыялаган. Анда Москвадагы НАТОнун аскердик байланыш миссиясы жана маалымат бюросу ишин токтоткон. Ошондой эле Россиянын НАТОдогу туруктуу өкүлчүлүгү жоюлуп, альянска Россия менен байланышуу керек болсо, анын Бельгиядагы элчисине кайрылуу сунушталган. Бул күндөрү Стамбулдагы Чыраган сарайында XIX Верона Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Быйылкы негизги тема "Өзгөрүп жаткан дүйнөнүн жана өзгөрүп жаткан экономиканын көйгөйлөрү" деп аталды. РФ президенти Владимир Путин ири иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жолдоп, ар өлкөдөн келген саясатчыларды, ишкерлерди, дипломаттарды, коомдук ишмер, серепчи жана журналисттерди чогулткан форум эл аралык диалог аянтчасы катары бүгүнкү күндө абдан маанилүү экенин белгиледи.
Евробиримдик Украина боюнча Россия менен диалог жүргүзүүдө ортомчулук кылуу үчүн беш талапкерди карап жатат. Бул тууралуу Telegraph гезити дипломатиялык булактарына таянуу менен жазды. “Мүмкүн болгон сүйлөшүүчүлөрдүн катарында Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Чехиянын президенти Петр Павел, ошондой эле Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре аталууда”, — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматына караганда, буга чейин бул ролго негизги талапкер катары саналып келген Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта Брюсселдеги жакынкы жолугушууда мындан баш тарткан. Мындан тышкары, АКШ президенти Дональд Трамп европалык континенттин кызыкчылыктарын мурдагыдай тийиштүү деңгээлде коргобой калды деген кооптонуулардан улам, акыркы апталарда Евробиримдикте өз сүйлөшүүчүлөрүн табуу каалоосу күчөдү. “Европа алгач россиялыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча бирдиктүү пикирге келиши керек экенин түшүндү. Экинчиден, биздин позициябыз кандай болору боюнча орток көз караш керек”, — деп белгиленет макалада. Буга чейин Politico гезити да Европада Москва менен диалог жүргүзүү үчүн талапкерлер талкуулана баштаганын жазган эле. Ал эми президент Владимир Путин сүйлөшүүлөрдө ортомчу катары Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредерди артыкчылыктуу вариант деп атаган. Ошол эле учурда ал европалыктар өздөрү ишенген жана Москванын дарегине кескин билдирүүлөрдү жасабаган лидерди өздөрү тандашы керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0