https://sputnik.kg/20261024/1104486828.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-24T08:59+0600
2026-10-24T08:59+0600
2026-10-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104486662_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5819c57666726d38798d19c1a85c926d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстандын раиси Рустам Минниханов катышканын өкмөттөн билдиришти. Адылбек Касымалиев ак илбирс кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган улуттук символдордун бири экенин белгилеп, жаңы борбор сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоодо чоң кадам болорун айтты. Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарларды реабилитациялоо жана экология багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле Касымалиев долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Татарстандын жетекчисине ыраазычылык билдирди. Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоо, генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча илимий-изилдөөлөрдү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү.
Бишкекте "АгроТехЭкспо – 2026" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" республикалык жарманкеси башталды.Көргөзмөгө алдыңкы агротехнологиялар, анын ичинде айыл чарба дрондору, кыргыз спутнигинин прототиби жана фермерлер үчүн iDiykan санарип платформасы коюлду. Келгендер мал чарбасындагы жетишкендиктерди көрүп, жергиликтүү органикалык азыктарды сатып алып, жеңилдетилген насыя менен лизинг боюнча "АБанк" жана "Элдик банктан" кеңеш ала алышат. Муну менен катар эле аянтта "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси жайылды. Дыйкандар жана кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын ортомчуларсыз, түз эле керектөөчүлөргө социалдык баада сатууда. Тактап айтканда, атайын фудтрактарда жаңы союлган уй эти 680 сомдон сатылып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын башкы максаты жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо, дыйкандардын жетишкендиктерин көрсөтүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү болуп саналат. Борбор калаанын борбордук аянтындагы көргөзмө жана жарманке 25-октябрга чейин уланат.
26-30-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуштар күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен кезектешип өткөрүлөт. Эгер каттамда 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп турат. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштырып, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.
Песков ноябрдын башында Абу-Дабиде Москва, Киев жана Вашингтон үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирдиРоссия президентинин маалымат катчысы жолугушууда негизинен коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланарын айтты.Ал эми Европа өкүлдөрүнүн катышуусу менен төрт тараптуу формат боюнча Песков эч нерсени четке кагууга болбой турганын, бирок учурда пландалган формат үч тараптуу экенин белгиледи.
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстандын раиси Рустам Минниханов катышканын өкмөттөн билдиришти. Адылбек Касымалиев ак илбирс кыргыз элинин күчүн жана асылдыгын чагылдырган улуттук символдордун бири экенин белгилеп, жаңы борбор сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоодо чоң кадам болорун айтты. Борбор илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарларды реабилитациялоо жана экология багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле Касымалиев долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Татарстандын жетекчисине ыраазычылык билдирди. Долбоордун негизги максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоо, генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча илимий-изилдөөлөрдү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү.Бишкекте "АгроТехЭкспо – 2026" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" республикалык жарманкеси башталды.Көргөзмөгө алдыңкы агротехнологиялар, анын ичинде айыл чарба дрондору, кыргыз спутнигинин прототиби жана фермерлер үчүн iDiykan санарип платформасы коюлду. Келгендер мал чарбасындагы жетишкендиктерди көрүп, жергиликтүү органикалык азыктарды сатып алып, жеңилдетилген насыя менен лизинг боюнча "АБанк" жана "Элдик банктан" кеңеш ала алышат. Муну менен катар эле аянтта "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси жайылды. Дыйкандар жана кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын ортомчуларсыз, түз эле керектөөчүлөргө социалдык баада сатууда. Тактап айтканда, атайын фудтрактарда жаңы союлган уй эти 680 сомдон сатылып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын башкы максаты жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо, дыйкандардын жетишкендиктерин көрсөтүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү болуп саналат. Борбор калаанын борбордук аянтындагы көргөзмө жана жарманке 25-октябрга чейин уланат.26-30-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуштар күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен кезектешип өткөрүлөт. Эгер каттамда 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп турат. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштырып, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алуу сунушталат. Песков ноябрдын башында Абу-Дабиде Москва, Киев жана Вашингтон үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирдиРоссия президентинин маалымат катчысы жолугушууда негизинен коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланарын айтты.Ал эми Европа өкүлдөрүнүн катышуусу менен төрт тараптуу формат боюнча Песков эч нерсени четке кагууга болбой турганын, бирок учурда пландалган формат үч тараптуу экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104486662_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1a8e186039fdc924a746feb60b235254.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио