Чаалыкпаган хирург 91 жашта! Күн сайын операция жасаган Мамакеев видеодо

Жазылуу
Бүгүн, 1-октябрда белгилүү хирург, Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты. Ал өмүрүнүн 68 жылын бейтаптарга арнап, 30 миңге чукул уникалдуу операцияны ишке ашырган. Бул да чек эмес, улгайып калганына карабай күнүнө бештен, кээде онго чейин операция жасайт.

Мамакеев туулган күнүн да бейтапканада өткөрдү. Замандаштары хирургдун тактыгына бекеринен баа бербесе керек, анын бир мүнөтү да текке кетпейт. Таң эрте иш бөлмөсүндө гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасагандан кийин операцияга кирет.

Бүгүн ал оорулуунун өтүндөгү ташты алып чыгышы керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековМамбет Мамакеев жашына карабай иштеп жаткан дүйнөдөгү эң улуу хирургдардын катарына кирет. Чет мамлекетте хирургдар 60тан жаштан кийин бейтаптар менен иштешпей калат
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Мамбет Мамакеев жашына карабай иштеп жаткан дүйнөдөгү эң улуу хирургдардын катарына кирет. Чет мамлекетте хирургдар 60тан жаштан кийин бейтаптар менен иштешпей калат

"Бул дарт менен жабыр тарткандардын саны кийинки учурда өсүп эле баратат. Өттөгү ташты балка менен чапсаң да сынбайт. Бир гана жолу — операция", — деп хирург наркоздо жаткан кишинин өмүрү менен күрөшүп жатты.

Жарым саатка жетпей операция аяктады. Мамакеев илгеркиге салыштырмалуу заманбап аппараттар жумушту бир топ илгерилеткенин айтат.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев 90 жашта! Атактуу дарыгер тууралуу 9 факты
Белгилүү хирургду көргөн адам аны 91 жашта деп эч ойлобойт. Өзүнүн айтымында, башка карыган кишилердей колу-башы калчылдабайт, көзү жакшы көрөт, басып турганы дурус. Дайыма кыймылда болгондуктан узак жашоосунун сыры дал ошондо деп билет.

"Дүйнөлүк практикада 60тан ашкан хирург бейтапка жолобойт. Себеби көз тунарып, кол дарманга келбей, унутчаак да боло түшөсүң. Эми мага Кудай Таалам ден соолукту берсе керек. Андай кемчиликтерим жок. Карылыкка баш ийбеш керек. Оорудум деп жатып алсаң бир жумада турбай каласың. Ден соолукту иш менен алаксытыш керек. Күн сайын ишке чыгып бейтапка өмүр бергеним мага майрам", — деди Мамакеев.

Ал ошондой эле өмүрүндө чылып чегип, ичимдик татып көрбөгөнүн кошумчалады.

Мамакеев каалоосу күч адамдын баары хирург боло бербейт, ийгиликке жетүү үчүн чыдамкайлык, сабырдуулук жана талант керектигин баса белгилейт.

"Адам жеңбей турган эч нерсе жок. Мен асмандан даяр түшкөн жокмун. Баскан жолум эмгек, аракет менен коштолду. Айылдан "да", "нет" деген сөздү билбей келгем. Үчүнчү курска чейин сабакты түшүнбөй аны жаттап айтып берчүбүз. Кудай талант деген нерседен да куру калтырбаса керек. Биринчи күндөн тарта хирургиялык ишим жакшы кетти. Болбосо мүнөзүм начар, оройлук жайым бар", — деди белгилүү дарыгер.

© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү хирург Мамбет Мамакеев жана таланттуу режиссер Төлөмүш Океев бир сүрөттө
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев жана таланттуу режиссер Төлөмүш Океев бир сүрөттө

Мамакеевдин өмүр таржымалын угуп отурса өзүнчө эле бир жомок экен.

Ал 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ата-энеси 17 балалуу болуп, арасынан чарчап калгандары көп болгон. Мамакеев болжолдуу түрдө ортончу бала. Атасы Мамаке 93, апасы 85 жашында каза болуптур.

Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Мамлекеттик сыйлык жана наамдардарын санап отурса манжа жетпейт. Эң ириде 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Убагында саясатка да аралашып СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты болгон.

Өмүрлүк жары Сонумкан Чекирбаева менен эки уулду тарбиялаган. Балдары атасынын жолун жолдоп келет. Учурда экинчи уулу Канат Мамакеев Улуттук хирургия борборунун жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0