00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хирургдардын атасы Мамбет Мамакеев 90 жашта! Атактуу дарыгер тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн аты алыска кеткен даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтапка шыпаа берген ак халатчан Мамбет Мамакеев 90 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik маалымат агенттиги кыргыз медицинасына опол-тоодой эмгеги бар Мамбет Мамакеев тууралуу 9 факты даярдады.

1. 17 баланын улуусу. Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ата-энеси 17 балалуу болуп, арасынан чарчап калгандары көп болгон. Мамакеев үйдүн тун баласы. Атасы Мамаке 93, апасы 85 жашында каза болгон.

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
2. Мен ким элем, ким болдум? Өзүнүн эскерүүсүндө институтка келгенде бир да орусча сөз билчү эмес. Шаарга жылаңайлак, жылаңбаш келген. Окуудан кыйналган күндөрү Иса Ахунбаевге барып "кетсекпи, эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик" десе, ал "чыдагыла, кыргыздан кадр жок" деп окуусун улантууга көндүргөн. Бүткүчө кыйналып, күн-түн дебей окуп, берген тапшырманын маанисин түшүнбөй ырча жаттап айтып берген күндөрү көп болгон. Ошондон улам Мамакеевдин "Мен ким элем, ким болдум. Азыр менде болгон-бүткөн наамдар бар" деп айтканы бар.

3. 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. Бул тууралуу өзүнүн тастыктаганы бар. Чарчап кеткен учурда операцияларды креслого отуруп алып жасайт. Күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегиз бейтап колунан өтөт. 

© Фото / Национальный хирургический центр МЗ КРАкадемик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев
Выдающийся кыргызский хирург Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев

4. Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири. Мамбет Мамакеев 90 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып келет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат.

5. Хирургга жасалган үч операция. Мамакеев 80 жашында табарсыктын алдында жайгашкан аденома безинен арылган, 11 жыл мурда көзүнүн агарып кеткен хрусталын алмаштырган. Ал эми 1,5 жыл мурда Германияга барып жүрөктүн чоң кан тамыры — толтону жасатып келген.

Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков 53 жашта. Алтын колдуу дарыгер тууралуу 10 факты
6. Кызыгы көп Мамбет ага! Компьютерди такыр колдонуп көргөн эмес. Уюлдук телефону бар, бирок көп пайдаланбайт. Жаш кезинде күрөштөргө катышып, улакка түшкөн. Кросс боюнча алтын медалы бар. Фрунзеге жаңы келгенде бокс секциясына барып жүрүп, колун чыгарып алып таштап койгон.

7. Институтту бүтөр замат кемпири Сокенге баш кошкон. Эки уулу бар. Алар атасынын жолун жолдогон. Экинчи уулу Канат Мамакеев үч жылдан бери атасынын ордунда жетекчи.

8. Көптөгөн мамлекеттик сыйлык жана наамдардын ээси. 2004-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын, КРдин Жогорку Кеңешинин 2-чакырылышынын депутаты. КРдин Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти.

9. Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0