00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки-үч унаада жүрөм деген Тазабек Икрамов декларациясында эмнени көрсөткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Тазабек Икрамов. Архив
ЖК депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Тазабек Икрамовдун Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жарыяланган 2015-2016-жылдардагы декларациясын карап чыкты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Журналистти "келесоо" деп атаган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов баарлашуу учурунда эки-үч унаасы бар экенин айткан. Бирок ал мамлекетке тапшырган декларациясында бир да автоунаасы жоктугун көрсөткөн.

Автоунаанын алдында турган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди "сен" деп, менден жинин чыгарчу. Үлкөн аткаминердин шоопурунун маеги
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 20-сентябрда болгон окуяга байланыштуу депутат айдоочусуна чара көрөбү же жокпу деген суроого жооп алуу үчүн телефон чалган. Анда Икрамов айдоочусу жаңжал чыгарган видеого өзүнүн кошулуп калганына нааразы болгон.

Депутат журналист менен биринчи жолу сүйлөшкөндө "мен бир эмес эки-үч, ар кандай машинада жүрө берем" деген. Ал эми кечээги баарлашууда "менин канча машинам бар экенин билесиңби?!" деп суроо салган. Журналист анын канча унаасы бер экенинен маалыматы жоктугун айтып, кайра өзүнө суроо салганда унчукпай тим болгон.

Депутат Тазабек Икрамов журналист менен биринчи жолу сүйлөшкөндө эки-үч машина менен жүрөрүн айткан

Мындан улам Sputnik агенттиги депутаттын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына жарыяланган 2015-2016-жылдардагы декларациясы менен таанышып чыкты.

2015-жылы Тазабек Икрамовдун жеке унаасы жок болгон. Бирок жакын туугандары 2008-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 200 жана Toyota Highlander унаасына ээлик кылганы айтылат. Өзүнүн 1784 чарчы метрлик турак жайга жана курулуш объектисине (0,20 чарчы метр) ээлик кылары көрсөтүлгөн. Бул жылы 71 900 сом гана тапкан. Жакын туугандары болсо 2,4 миллион сом иштеп тапкан. Мындан сырткары, алардын 570 чарчы метр үйү, 570 чарчы метр жер тилкеси жана 337,2 капиталдык курулушу бар экени көрсөтүлгөн.

Ал эми 2016-жылдагы декларациясында өзүнүн да, жакын туугандарынын да унаасы жок экени маалымдалган. Ал документке ылайык, Икрамов жер тилкеси, турак жай жана курулуш объектилерине ээлик кылат. Депутаттык кызматы үчүн 634 миң сом алган. Үйү жана чарбалык объектиси бар. Жакын туугандарынын кирешеси 200 миң сомду түзгөн.

Ал эми 2017-жылга карата декларация азырынча жарыялана элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тазабек Икрамов айдоочусунун жаңжалына жооп берип, журналистти "келесоо" деди. Аудио
Эске салсак, терезеси караңгылатылган мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен ЖКККББнын инспекторлорунун окуясы 20-сентябрь күнү борбор калаанын чок ортосунда болгон. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти күбө болуп телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок бул учурда токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылып, телефонун тартып алууга аракет кылган. Окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жол тандабастын айдоочусуна протокол түзүп, унааны айып короого алып барып токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0