Тазабек Икрамов айдоочусунун жаңжалына жооп берип, журналистти "келесоо" деди. Аудио

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өз сөзүндө аталган унаа ага таандык экенин жана журналист менен инспекторго тап берген киши айдоочусу экенин тастыктады. Бирок ошентсе да күнөөнү экинчи тарапка оодарууда.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин жакалап, инспекторго тап берген айдоочусунун видеосуна өзүнүн дагы кошулуп калганына нааразы болуп, журналистти "келесоо" деп атады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 20-сентябрда болгон окуяга байланыштуу депутат айдоочусуна чара көрөбү же жокпу деген суроого жооп алуу үчүн телефон чалган болчу.

Депутат Тазабек Икрамов менен Sputnik агенттигинин журналисти телефон аркылуу баарлашты

Эл өкүлү өз сөзүндө аталган унаа ага таандык экенин жана журналист менен инспекторго тап берген киши айдоочусу экенин тастыктады. Бирок ошентсе да күнөөнү экинчи тарапка оодарууда.

"Мен иш сапардан бүгүн эртең менен келдим, ал окуя боюнча эртең да териштирем. Инспекторлор айдоочумду токтотуп, унаанын терезесин караңгылатууга уруксат берген документин көрсөткөнүнө карабай "тиякка-биякка тур" деп түртүп баштаптыр. Унаанын номуру Оштуку болгондуктан да кысым көрсөткөнсүптүр. Менин түшүнүгүмдө бул атайын мени каралоо үчүн уюштурулгандай. Анткени унаам бир жылдан бери ушундай, эмнеге ошол күнү токтото калышты? Айдоочумду мындай кадамга инспекторлор өздөрү түрткөн. ЖКККББнын кызматкерлери ушуга окшогон майда-чүйдө нерселер менен эмес, жол кырсыктарын жана унаа тыгындарын азайтуунун жолун издесе болмок", — деди Икрамов.

Ал эми айдоочусу журналист өзүн тааныштырбаганы үчүн ага тап берген деп түшүндүрдү.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?
"Ал мага тааныш бала. Мени ташып жатканына бир айга чукулдады. Инспектор менен жаңжалын тартып жатса интернетке чыгып кетпесин деп жини келген. Көчөдөн эле ар ким тарта берүүгө укугу жок. Анан силер мен окуяда жок болсом деле, эмнеге мени видеого кошуп жатасыңар? Ушундай келесоолук иш кылып жатасыңар. Ал жерде мен болгондой кылып көрсөтүп атасыңар. Мен канча машинада жүргөнүмдү билесиңби? Мени чыгарганга акыңар барбы?! Адамгерчиликтүү адам билип турса деле бирөөнүн абийирин жабат. Мени кошуп чыгарганга кандай акыңар бар? Эй, сен кандай келесоосуң", — деп ачуулуу сүйлөдү.

Бирок журналист депутатка мындай сөз айтуу жарашпай турганын эскерткенде "Келесоо болсоңор келесоо деп сүйлөйм да. Эмнеге антип сүйлөбөйт экенмин!" деп өчүрүп койду.

Эске салсак, терезеси караңгылатылган мамлекеттик номери 02KG 570 AAA болгон Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен Бишкек ШИИБ ЖКККББнын инспекторлорунун окуясы 20-сентябрь күнү борбор калаанын чок ортосунда болгон. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти күбө болуп телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу журналистти коркутуп, сөккөн. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан. Бирок бул учурда токтотулган жол тандабастын ичинен жүргүнчүсү чыгып, журналистке тап берип, атырылып, телефонун тартып алууга аракет кылган. Окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жол тандабастын айдоочусуна протокол түзүп, унааны айып короого алып барып токтоткон.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы эл өкүлү кандай автоунаа менен ишке келет деген видеодо депутат Икрамов дал ушул автоунаадан түшкөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0