БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Франциянын курама командасынын коргоочусу Бенжамин Павардын Аргентинанын дарбазасына киргизген тобу Дүйнө чемпионатындагы эң мыкты гол катары аталганын Р-Спорт сайты жазды.
Эң мыкты гол FIFA сайтында добуш берүү менен аныкталган.
🚀🇫🇷OFFICIAL: @BenPavard28's stunning goal for @FrenchTeam v Argentina has been chosen as the @Hyundai_Global #WorldCup Goal of the Tournament!https://t.co/U0WEmz7dOM pic.twitter.com/BnsbNWoCKI
— FIFA World Cup (@FIFAWorldCup) July 25, 2018
Франция менен Аргентинанын курама командалары 1/8 финалда беттешип, француздар 4:3 эсебинде жеңишке жеткен. Павар 57-мүнөттө атаандашынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 2:2 кылып теңеген.
Быйылкы футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду.