Калаа башчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген маегинде Россияда соода-сатык менен алектенгенин жашырган жок. Ошол эле учурда шайлоо жолу менен гана мамлекеттик кызматка барганына токтолду.
— Жаңыдан эле калаа башчылыгына шайландыңыз. Андыктан азыркы тапта Ош шаарында тез арада чечүүгө муктаж болуп турган үч көйгөйдү атап берүүңүздү сурагым келди.
— Биринчиси таза суу менен камсыз кылуу, экинчиси көп-кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык-чарбалык абалы, үчүнчүсү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапаты.
— Ишиңизди эң биринчи эмнеден баштайсыз?
— Жогоруда айтылган көйгөйлөрдү иликтеп, чечүү жолдорун изилдөөдөн баштайм.
— Мурда мамлекеттик кызматта иштебей туруп Алай райондук кеңешине төрага, андан соң районго аким болуп дайындалыптырсыз. Буга кандай түшүндүрмө берээр элеңиз?
— Алай районуна аким болуп иштеп жатканда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалдыңыз. Бул кызматка кимден чакыруу же сунуш түшкөн?
— Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин сунушу жана колдоосу менен келгенмин.
— Ош облусун үч жыл жетектедиңиз. Бул аралыкта өзүңүз сыймыктанган үч эмгегиңизди атап берсеңиз?
— Биринчиси, 2017-жылы Өзгөн районунун бир нече айылдарында жер көчкү жүрүп, ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Ошондой эле Чоң-Алай районунда катуу жер титирөө болуп, ал жерде жүздөгөн үйлөр кыйроого учураган. Ушул табигый кырсыктардан жапа чеккендерге өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жардам берүү, бузулган турак үйлөрдү кайра тургузуу жана кырсыктардын алдын алууга чара көрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жигердүү катышкандыгымды — эң маанилүү жетишкендигим деп ойлойм. Ал күндөрү биз күндөп-түндөп уктабай иштөөгө туура келди, алыскы Чоң-Алай районуна, Өзгөндүн татаал жолдуу айылдарына байма-бай каттап, кыйрап калган жана көчкү баскан 725 турак үйдү, сегиз социалдык мекеменин имараттарын кайра курууга үлгүрдүк.
Үчүнчүсү, Ош облусу өзгөчө кырдаалдар жагынан кооптуу аймак. Акыркы эле үч жылдын ичинде бизде бир нече ири табигый кырсык катталып, аябай чоң материалдык жана адамдык жоготууларга алып келген. Ошолорду алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу – биздин эң башкы максаттарыбыздын бири болду. Бул багытта эки иш алып баруудабыз. Ал адамдарды кооптуу аймактардан көчүрүү жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандыруу. Бүгүнкү күндө облус боюнча 3 миңдин тегерегиндеги турак үй кооптуу аймакта жайгашкан болсо, анын 1800дөн ашыгын көчүрдүк. Белгилей кетсек, камсыздандыруу жаатында биздин облус республика боюнча алдыда, алсак жалпы Кыргызстан боюнча камсыздандыруудан өткөн 42 665 үйдүн 51,3 пайызы Ош облусуна тийиштүү.
— Буга чейин Россияда жүргөнүңүз туурасында да айтканыңыз бар. Ал жакта эмне иш кылгансыз?
— Кыргызстанда ал кезде экономикалык абал кыйла эле оор болгон. Ошондуктан Россияга убактылуу барып иштеп, оокат кылып анан кайра мекениме кайтып келгенге туура келди. Ал жакта тогуз жылдай соода-сатык тармагында бизнес менен алектенип жүрдүм. Кийин 2004-жылдан 2008-жылга чейин Гүлчө айылындагы "Насырбек уулу Нурсултан" базарында директор болуп иштедим.
— Экинчи дипломуңузду тогуз жыл жүрүп 37 жашыңызда алганыңыз тууралуу түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. Ушуга өзүңүз түшүндүрмө берип койсоңуз?