Россияда мигрант, Алайда автослесарь. Оштун мэри Сарыбашев тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской области / Жумамидин СулайманкуловНовоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев
Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын башына келген Таалайбек Сарыбашев Алайдан түз келип азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы ордуна отурганын, кол чатыр чуусу менен "жылдызы жанганын" жана Россияда мигрант болуп иштегенин билесизби?

Таалайбек Сарыбашев Ош калаасынын мэри болуп бүгүн, 18-июлда шайланды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Оштун жаңы мэри тууралуу 6 фактыны сунуштайт.

Алайдагы автослесарлыктан башталган жол.  Таалайбек Сарыбашев Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Эмгек жолун 1989-жылы ушул эле райондо автослесарь болуп иштөөдөн баштаган. Кийин 1991-1992-жылдары Ош шаарында жер-жемиш комбинатында сатуучу болуп иштеген. Ал эми 2005-2008-жылдары кичи мекени Гүлчө шаарында "Насирбек уулу Нурсултан" базарынын директору болгон. Кийин Алай райондук кеңешинин төрагасы болуп төрт жыл иштеген. Ал эми ушул эле районду үч жыл башкарган. 2015-жылы азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан кеткенден кийин Алайдан түз келип, анын креслосуна отурган

© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской областиСооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан кеткенден кийин анын ордуна Таалайбек Сарыбашев отурган
Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев  - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан кеткенден кийин анын ордуна Таалайбек Сарыбашев отурган

Шек жараткан диплому. Сарыбашевдин жогорку билими туурасында талаштуу пикирлер айтылып келет. Өмүр баянында көрсөтүлгөндөй, 1992-жылы Ош шаарындагы Ош технологиялык техникумга тапшырып бухгалтер адистиги боюнча үч жыл окуган. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктап, экинчи билимге 37 жашында ээ болгон. Ошондон кийин гана мамлекеттик кызматтарга аралашып, ташы өйдө кулай баштаган. Бирок ал биринчи дипломун жоготуп алып таппай жүргөнүн айткан жайы бар. Анан кайра башынан аттестат менен тапшырып экинчи дипломун тогуз жыл окуп алган.

"Жылдызын жандырган" кол чатыр. Сарыбашев Ош облусун жетектеп турганда жардамчысынын аны жамгырдан калкалап кол чатыр кармап турган сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулукка аты дүң болгон. Сүрөт Ош шаарында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалында тартылган. Муну өзү "актангандык деле эмес, бирок кол чатырды жардамчым кармап турганын өзүм да байкаган эмесмин. Бул бир мүнөткө жетпеген ирмемдерде болуп, аны байкагандан кийин дароо алдыргам" деп түшүндүргөн

© SputnikСарыбашев Ош облусун жетектеп турганда кол чатыр чуусу менен коомчулукка аты дүң болгон
Снимок с социальной сети Facebook, на фото  запечатлен чиновник, над которым предположительно помощник держит зонт - Sputnik Кыргызстан
Сарыбашев Ош облусун жетектеп турганда кол чатыр чуусу менен коомчулукка аты дүң болгон

"Үйдөн башка мүлкүм жок". 2016-жылдагы декларациясында бир жылда айлык акысынан 323 миң сом тапканын көрсөткөн. Мындан сырткары 104 чарчы метрлик турак жайга ээлик кылат. Башкасы тууралуу айткан эмес. Ал эми жакын туугандарынын 745 чарчы метрлик жана 4263 чарчы метрлик жер тилкелери, имараттары бар.

Россиядагы мигранттык 15 жыл. Россиянын Новосибирск шаарында соода кылып, такси айдап жана башка иштер менен алектенип жүргөн. Миграция кызматынын Россиядагы өкүлү Доорбек Абдразаков Сарыбашев менен жаш кезинен бери бирге чоңойгон досу экенин белгилеп, ал жөнөкөй мигранттан баштап көтөрүлгөнүнө токтолот. Анын айтымында, жаңы мэр Россияда 15 жылдан ашуун иштеген экен. Аны өзүнө тың жана эл көйгөйүн жон териси менен сезе билген адам катары сыпаттайт. 

© Фото / пресс-служба полпредства Ошской области / Жумамидин СулайманкуловРоссиянын Новосибирск шаарында соода кылып, такси айдап жана башка иштер менен 15 жылдан ашуун алектенип жүргөн
Вручение мотоциклов ветеринарному сервису Ошской области  - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Новосибирск шаарында соода кылып, такси айдап жана башка иштер менен 15 жылдан ашуун алектенип жүргөн

Үй-бүлөсү. Эки уул, эки кыздын атасы. Учурда  үчөө студент, бирөө мектеп окуучусу. Жубайы кесиби боюнча медайым, азыркы тапта жогорку билимин улантып жатат. Өзү 47 жашта. Карапайым үй-бүлөдө туулган. Атасы Алайда эт комбинатында эмгектенген. Бир туугандарынын айрымдары учурда деле Россияда иштейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0