Краб аны жеп жаткан кытайлык кызды тиштеп алган видео
Краб аны жеп жаткан кытайлык кызды тиштеп алган видео
Sputnik Кыргызстан
Рак сымал бул жаныбарларды тамак-аш катары даярдоо алдында кыймылдабай калышы үчүн бир нече убакыт аракка чылап коюшары жазылган. 07.07.2018, Sputnik Кыргызстан
Кадрда кыз таякчалар менен алдындагы табактан ракка окшош, бышырылган жаныбарды оозуна салып баратканын көрүүгө болот. Бирок жуп тиштей береээрде жыйрылып кеткен краб кыпчууру анын эринине жабышып калганы тартылып калган. Бети-башын бырыштырган кыз колу менен кыпчуурду чыгарууга аракет кылып жатканы менен видео бүтүп калат.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул "мас краб" деп аталарын айтышкан. Маалыматтарда рак сымал бул жаныбарларды тамак-аш катары даярдоо алдында кыймылдабай калышы үчүн бир нече убакыт аракка чылап коюшары жазылган.