Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бейшемби күнү түнкүсүн өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Таласта абанын температурасы 22…27 градуска жетет болот. Ош менен Жалал-Абадда 23…28, Баткенде 24…29 градус ысык болору айтылды.

Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облусунда күндүн табы 17…22 градуска көтөрүлөт.

Бишкекте абанын температурасы 23…25 градуска жетсе, Ош шаарында 26…28 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0