00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаңылган бала жарамазан айтып акча топтойм деген

© Sputnik / Табылды КадырбековНамаз окуп жаткан адамдар. Архив
Намаз окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Жайга жетээрибизге аз калганда кыштын кызыгын бир көрүп алдык окшойт.

Орозо башталары менен жарамазан айтылып келет. Өзгөчө Бишкек шаарында жолдо, дүкөндө, токтоп турган автоунаага, кафе-ресторандарга барып айтуу көнүмүш адат болуп калгандай. Жарамазанды өзгөчө жаш балдар акча табуунун, тилемчилик кылуунун бир жолу катары өздөштүрүп алган сыяктанат. Алардын жаттап алган төрт сабы төмөндөгүдөй:

Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан,
Орозоңуз кабыл болсун бай аке жан.
Адыр, адыр ай тоолордон,
Айгыр минип биз келдик.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдик.
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.

Ишемби күнү эртең менен жаңы эле үйдөн чыксам короодо бир өспүрүм мен жакка басып келип "Ассолому алейкум жарамазан…" деп баштады. Жок дегенде түштөн кийин болсо да мейли эле, эртең менен саат 10дө жалгыз өзү жарамазан айтып турганы таң калтырды. "Жарамазынды кечинде балдар чогулуп алып үймө-үй кыдырып айтат. Сенин бул кылганың кайырчылык болуп жатпайбы" десем жанагы бала оюн ачык түшүндүрүүгө өттү. "Апам телефонуна бирдик салууга 120 сом берди эле терминалга номерин туура эмес жазып коюптурмун. Үйгө келсем "чегин алып кел" деп кайра жөнөттү. Мен аны таппай жатам" десе болобу. Катуу урушуп жатабы деген суроомо ачык жооп бере алган жок. Бала, быйыл 5-классты бүтүрүптүр, таза, тыкан кийинген, колуна телефонду кулакчыны менен кармаган. Жүзүнөн алдап жатканы байкалбады. Анан экөөбүз терминалга барып апасынын телефонуна бирдик салдык да, ал үйүнө, мен жумушума кеттим. Баланын акча табуу үчүн ойлогон амалы мага жылмаюу тартуулады. Сөз кезеги келгенде айтып калайын, жарамазан айтууга байланыштуу 9 "болбойтту" биле жүрүңүз.

Ал эми кечээ укук коргоо органдары мамлекеттен акча уурдаган деп шек жараткан бир топ жагдайларды териштирүүгө алды.

Адегенде эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттар максатсыз пайдаланганы аныкталды. Анда курулушка кетчү чыгым башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткени белгиленет.

Андан соң УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Тарых музейин реконструкциялоого бюджеттен бөлүнгөн акча чынында кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн териштире баштады.

Ал ортодо Финансы полициясы Түндүк бажынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевди камакка алып, анын жашаган хан сарайын көрсөткөндө же мен иштегенди билбеймби, же адам эмесминби деген ойго кептелип, башымды чайкап отуруп калдым. Ал учурунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып 166 миллион сомдон ашык каражатты кымырган деп жатышат.

Мындан сырткары салык төлөөдөн качканы үчүн Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жез казып жаткан "КазМинералзБозумчак" ишканасынын жетекчиси кармалды. Аны Финпол колго түшүргөндөн кийин гана 55 миллион салыктын баарын төлөгөн.

Эми ушунун баары ачык-айкын аныкталып, күнөөлүүлөр жазасын алсын дейли. Бир аз көңүлдү көтөрүп социалдык тармактагы кызыктуу видео, сүрөттөрдү көрүңүз.

Ал эми кыздар кыя өтпөгөн Келдибек Атайбек уулу "кыргыздын жигиттери майдаланып баратат" дейт. Буга макул бололубу?

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.19 (сатып алуу) жана 68.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 43.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өрдөк жесең канжыгасына каз байла!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0