БИШКЕК, 28-май — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Эсеп палатасы менен биргеликте II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттардын максаттуу пайдаланылышын иликтеп, бир нече мыйзам бузууларды аныктап чыкты.
Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча объектини куруудагы подрядчыны тандоодо "Мамлекеттик сатып алуулар" менн "Шаар куруу жана архитектура" боюнча мыйзам ченемдери бузулганы айтылат.
"Подрядчы менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясыз, ошондой эле мамлекеттик экспертизасыз түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетчү чыгым башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Андан сырткары, курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомго чукул жасалма түрдө жогорулатканы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 миллион сомдун финансылык отчетторун көрсөткөн документтер жок болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, 8 миллион 244 миң сомго темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталганы айтылат.
Учурда текшерүү улантылып жатат. Аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилмекчи.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган Чолпон-Атадагы ат майданды "СМУ-3" ААКсы курган. Ал ишканага мындан башка да кандай оъбектилерди куруу шыбагасы буюрганын бул жактан караңыздар.