00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эл казанды кошо көтөрүп кетеби деп чочудум

© Sputnik / Табылды КадырбековПриготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке
Приготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт күндүк эс алуудан кийин жаңы жумуш күнү башталды. Майрам көңүлдүү өтүп, ойдогудай эс алдыңызбы? Аз болуп калса наалыбай тура туруңуз, Нооруздун шылтоосу менен дагы эс алабыз.

Кечээ дагы бир тарыхый күнгө күбө болуп келдик. Кыргыздын улуттук тамагы — бешбармак менен чучукту жасап, Гиннестин рекорддор китебине каттатуу аракети жасалды. Бул күнгө күбө болууга 5000ге чукул эл чогулду. Башында эл бешбармак талашып бири-бирин тебелеп, ызы-чуу чыгып казанды кошо көтөрүп кетпесе экен деп чочулап жаткам. Жок, андай эмес, уюштуруу жагы жогорку деңгээлде болуптур. Казандын жанына ашпозчулардан башка эч кимди жолотушкан жок. Келгендер тээ алыстан экран аркылуу көрүп турушту. Милиция курчоого алып, тыкыр көзөмөлдөп жатты. Иш-чара концерттик программа менен да коштолуп турду. Адаттагыдай эле муну сындагандар да болбой койгон жок. Адегенде "ушинтип төш кагып эмне кереги бар эле, ошол акчаны муктаждарга берип койсо болмок" деген жүйөнү айтып чыгышты. Мага ошол адамдар жок дегенде үйүнө бир көчөт эгип койду бекен суроо кызыктырат да. Аталган иш-чарага кесиптештерибиз менен барып ар тараптан чагылдырып келдик.

Тоодой бешбармак, кулач-кулач чучук. Табылды Кадырбеков тарткан шилекейди агызган сүрөттөрдү көрүп коюңуздар.

Сүрөт эле эмес, бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдерди видеого түшүрүп келдик. Бул жерден тер төгө чуркаган ашпозчуларды, маңдай жарыла сүйүнгөн элди, дегеле иш-чара кандай өткөнүн баштан-аяк көрө аласыз.

Адистин айтымында, бешбармак менен чучукту Гиннестин рекорддор китебине каттоо боюнча жооп 15 күндүн ичинде келет экен. ушунча эмгектин акыбети кайтсын деп үмүт арталы! 

Эми башка жаңылыктарга өтөлү. "Качан үй салабыз, айлыгыңды качан көтөрүшөт, аяшым жаңы көйнөк алыптыр, балдарды мен эле карай беремби…" Мындай сөздү айтпаган келинчек аз болсо керек. Айтпагыла дебейбиз, бирок саат сайын кулактын кужурун ала бербегилечи. Баарынан да элдин күйөөлөрүнө салыштырганда жаның кашайбай койбойт. Ушул сыяктуу аялы күйөөсүнүн кыжырын кайнаткан учурларды Таалайгүл Усенбаева тизмектеди.

Ага удаа эле жети дубанда азыркы убакытка чейин колдонулган өзгөчө каадаларды чогултту. Кыргыз эли каада-салтка бай калк эмеспи. Өлкөнүн кайсы аймагына барба ар бир облус, район, айыл болобу, өзгөчө салты болот.

Ал эми балбан Мээрим Момунова спорттон жеке жашоосуна чейин агынан жарыла маек курса, WEF чемпиону Мырзамидин Пазылов чемпиондук кур үчүн болгон беттешүүсү, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.04 (сатып алуу) жана 68.29 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тилеген ой максаттарыбыз ишке ашсын!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карышмаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0